Хизбут-Тахрир саясий партиясынын мүчөсү Ильдар Шайхутдинов Россия президенти В.Путинге жолдонгон катты Казандагы Кремлге алып барды

2013-жылы 27-сентябрда Хизбут-Тахрир саясий партиясынын мүчөсү Ильдар Шайхутдинов Россия президенти В.Путинге жолдонгон катты Казандагы Кремлге алып барды. Бул катта орус өкмөтү тарабынан Ислам жана мусулмандарга карата ачык душмандык маанайдагы саясат жүргүзүлүп жаткандыгына нааразылык билдирилген болчу. О.э. анда Исламга каршы саясаттын акыркы фактылары да келтирилген болчу. Булар окуу жайларда хижаб кийүүгө тыюу салынышы, исламий китептерге жана Куранга тыюу салынышы, мусулмандардын өлтүрүлүшү, муслималардын полциячылар тарабынан таякталышы.

Бирок, бийлик акыйкатты айткандыгы үчүн Ильдарга каршы кылмыш ишин козгоду.

Биринчи жолу боордошубузду 2004-жылы ноябрь айында исламга чакыргандыгы үчүн камакка алышкан. Ошол жылы бүткүл Россия боюнча мусулмандарды камоо жана үйлөрүн тинтүү кеӊири жайылган болчу. Мамлекеттин түрдүү аймактарынан жүздөгөн мусулмандар камакка алынышкан. Ильдарды камакта беш ай кармап турган. Камакта боордошубузду ур-тепкиге алып, кордук көрсөтүшкөн. Бирок, бул иштер анын ыйманына терс таасир тийгизбестен, тескерисинче, анын эриксиз күндөрдө да даъват алып баруусун күчөткөн. Ошондо аны 2 жылга шарттуу кесишкен.

Шарттуу абак абалында да, бир тууганыбыз маламатчылардын маламатынан коркпостон, даъватын андан ары да активдүү уланткан. 2007-жылы Ильдар кайрадан камакка алынып, эки жылга эркинен ажыратылган. Боордошубуз бул убакытты да текке кетирген жок. Кудум шайх Ад-Даур сыяктуу түрмөдөн да досторду таап, муну менен даъватчылардын катарын арбыткан. Ошентип, ал Алла каалаган күнү азаттыкка чыккан.

Ильдардын эркиндикте жүрүшүн каалабаган атайын кызматтар аны кайрадан камакка алышты. 2010-жылы дагы эки жарым жылга кесилди. Аллахтын каалоосу менен Ильдар 2012-жылы түрмөдөн бошонуп чыкты.

2013-жылы 10-октябрда Казан шаарында мусулмандар үйлөрү тинтүүгө алынды. Алардын катарында Ильдар Шайхутдиновдун үйү да бар эле. Тинтүүдөн соң Ильдар РФ ККнын 282-беренеси менен айыпталып, кайра дагы камакка алынды. 2013-жылы 25-октябрда анын мурунурураак ачылган административдик иши каралып, бул иш козголгон кылмыш иши себептүү токтотулду.

Бул жана ушул сыяктуу иштер Россия бийлигинин пайгамбар Мухаммад (с.а.в) үммөтүнүн чыныгы уулдарына, айрыкча, жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтарган уландарына каршы душмандыгы бар экендигин көрсөтүп турат. Бул бийлик өзүнүн бүткүл интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн сарптап бүтүп, бирок, эч кандай ийгиликке жетише албаган соң, эми күч колдонуу саясатына өтүп алды.

Биз Россиядагы мусулмандарга, алардын катарында даъватчыларга кайрылуу менен, аларга Аллахтын убадасын эстете кетебиз:

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (ыйман-итикаддуу)заттарды (жер жүзүнө) халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин тынчтык-бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кишилер»      [24:55]

Хизбут-Тахрирдин Борбордук Медиа Офиси

26.10.2013-ж.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

9 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago