ХАМАС ИРАН МЕНЕН АЛАКАЛАРЫН КАЙРАДАН ТИКЕЛЕМЕКЧИ

295
0

Иран өкмөтү Сирия маселесинде Асадга жардам бергени себептүү Палестинадагы Хамас кыймылы ал менен алакаларын үзгөн болчу. Бирок, Ирандын Асадга көрсөтүп жаткан жардамы ошондой эле уланып жаткан болсо да, Хамас кыймылы Иран менен алакаларын токтоп калган жеринен дагы кайрадан баштай тургандыгын кабарлады.

Хамастын белгилүү мүчөлөрүнүн бири Махмуд Аз-Захар Газада берген баянатта айтылышынча, Хамас кыймылы Сирия бороону себептүү кыска бир келишпестиктен кийин Иран менен алакаларын дагы кайрадан улантат.

Махмуд Аз-Захар өзүнүн баянатында Хамас кыймылы Сириянын ички иштерине аралашпай тургандыгын билдирди.

Ал: “Хамас Иран менен алакаларын токтоп калган жеринен кайрадан улантат. Сирия бороону алакаларыбызга таасирин тийгизген эле. Хамас тарапкеч катары көрүнбөстүк үчүн Сириядан чегинди. Биз Сирия же башка араб өлкөлөрүнүн ички иштерине аралашпай тургандыгыбызды дагы бир жолу баса белгилейбиз”, – деди.

Хамастын сүргүндөгү жетекчиси Холид Машъал 2011-жылы Сирияда согуш башталгандан кийин Дамасктан кетип, Ирандын союздашы болгон президент Башар Асадды сындап чыккан эле.

Машъал Дамасктан кеткенден кийин, Башар Асад жана Хизбуллага каршы Сирия оппозициясын Хамас камсыздагандыгына тиешелүү бир нече кабарлар ачыкка чыкты.

Кабарларда келишинче, мындай абал Ирандан Хамаска келүүчү жардамдардын азайышына себеп болгон. Бирок, Аз-Захар Иран менен алакалар бүтүндөй үзүлгөндүгүн жалганга чыгарды.

Ал: “Биздин Иран менен алакаларыбыз үзүлгөн эмес жана биз эч бир араб өлкөлөрү менен – ал тургай, бизге каршы душмандык позицияда болгондор менен да – алакаларыбыз үзүлүшүн каалабайбыз”, – деп баса белгиледи.

Туркистон: 1987-жылы Хамас уюму түзүлгөндө дүйнө жүзүндөгү мусулмандар курсант болушкан. Себеби, мусулмандар алардан жакшылыкты үмүттөнүшкөн эле. Бул уюм пайда болгон күндүн эртеси эле «Осло» келишимин четке каккандыгын көргөн мусулмандар “Хамас исламий сыпаттар менен пайда болду” деп ойлошту. Чындыгында, Хамас өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында Палестинаны душман чеӊгелинен куткаруу жана аны өзүнүн калкына кайтаруу үчүн Аллахтын жолунда жихад кыла тургандыгын жарыя кылды. Бирок, убакыттар өтүшү менен анын багыты өзгөрө баштады. Хамас кыймылы да “Палестина азаттык кыймылы” сыяктуу эле Исламга жана Палестинага каршы тил бириктирген мамлекеттердин көрсөтмөлөрүнө моюн суна турган болуп калды.

Ал тургай, алар “1967-жылдан кийин басып алынган жерди талап кылуу жана Израиль вужудун тан алуудан башка чара жок” деген пикирге келишти. Алар дагы “эл аралык токтомдорду кабыл алуудан жана региондо        негизги оюнду ойноп жаткан Америкага кол берүүдөн башка чара жок” деген тыянакка келишти.

Хамас кыймылынын жетекчиси Холид Машъал Америкага жакындашуу үмүтүндө: “Биз Обаманын Каирде сүйлөгөн сөзүнөн Ислам дүйнөсүнө жана Палестина аймагына каратылган өзгөрүштү сезип жатабыз”, – деген эле.

«Хамас» кыймылы исламий окуялардан сабак албады. Ал “Палестина азаттык кыймылы”нын жолуна түшүп алды жана ошонун натыйжасында ушундай абалга түшүп калды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here