Кыргызстандын Ысык-Көл областына караштуу Каракол шаарында 7-октябрь күнү башталган митинг жана башаламандыктар, ушул иштерге тиешелүү бир нече тараптардын өкүлдөрүнүн визитине себеп болду. Т.а. НАТОдон кызматташтык жана шерикчилик программасы боюнча саясий коопсуздук башкармалыгынын директору Альберто Бин башчылыгында делегация келди. Ошол эле убакта Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин расмий визит менен келди. Ошол эле күнү ОДКБнын башкы катчысы Бордюжа жетип келди жана Атамбаев менен шашылыш сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кумтөрдөгү Цeнтерра компаниясы менен кыргыз өкмөтү ортосунда түзүлгөн жаңы шартнамаларда, эки тарап 50% дан ақцияларга ээ болгон эле. Элдин нааразылыктары мына ушул келишимдерге ыраазы болбогонунан жана микрокредиттердеги адилетсиздиктер күчөгөндүгүнөн башталып кетти. Эл мурда 100% акциялар Центеррада болгондугун да билбейт. Элди ушул күнгө чейин бул иштер кызыктырган да эмес. Демек, анын кокустан бул иштерге тынчсызданып жатканына эмне себеп болду?
Албетте, биринчи кезекте жашоо деӊгээлинин өтө төмөн экендиги. Аларды ар кандай тарап арзыбаган акча менен ал тургай өмүрүн кепилдикке коё турган даражада тобокел кылууга алып чыга алат. Ошол кубаттар болсо, АКШ, Россия жана Кытай сыяктуу чоӊ жана бай мамлекеттер болуп, биздин акмак саясатчыларыбызды ар бири өз тарабына сатып алышты. Алар аркылуу бечара калкты алсыз абалынан пайдаланып, өз кызыкчылыктары жолунда ар түрдүү кыйынчылыктарга дуушар кылышат.
Жогорудагы Кумтөр маселеси да АКШнын Манастагы кызыкчылыктарынан келип чыгып уюштурулууда. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр маселесиндеги отчётунда: “Кумтөрдү улутташтырууга Центерра да каршы эмес, бирок, келишим боюнча зарыл болгон төлөмдү Кыргызстан төлөй албайт” , – деп айткандай, демек АКШ өзүнө караштуу канадалык компанияны эмне үчүн өзү жарга такап жатат деген суроонун жообу табылды. Бул иште кыргыз мамлекети гана башы туюк көчөгө кирип бара берет. Демек, бул АКШнын акчалары менен уюштурулуп жаткан башаламандыктар болуп, алып барып жаткан уюштуруучуларды жалаӊ материалдык кызыкчылык гана башкарып жатат.
Россия расмийлеринин тнымсыз каттап калганы да Атамбаевди кадыржам болууга о.э. мурда Акаев жана Бакиевдер ушул иштерден коркуп артка кайтып кетишкендей кайтып кетпестикке чакырып, ал тургай, басым өткөрүп болсо да кармап турууга умтулушат. Акаев ГАНСИ авиабазасын ачып берген болсо, Бакиев аны жабуга бада берип андан кийин артка чегинген эле. Экөөсү теӊ Россиянын жардамы аркылуу кызматынан алынышты. Кезек Атамбаевге келди.
Демек, биз көтөрүп жаткан проблемалар түпкүлүгүндө биздин кызыкчылыктарыбыз эмес. Биз кан төгүп алмаштырып жаткан жетекчилерибиз, түпкүлүгүндө биздики эмес. Алар өз кызыкчылыктары жолунда, биз карапайым калкты ар түрдүү кыйынчылыктарга салып берүүнү убада кылышкан. Мурункулары да кудум ушундай кылышкан, азыр тактыда отурушуп, өздөрү кетип калуунун астында турушат.
Бирок, бийликти дагы алмаштыруу кандай пайда алып келиши мүмкүн? Эч кандай пайда алып келбейт. Аныгыраагы, Кыргызстан калкына эч кандай пайда алып келбейт. Тескерисинче өтө чоӊ жоготууларды алып келиши мүмкүн. Жаңы келе тургандары мурункулардан эстүү эмес. Президент: “Кана, Кумтөр маселесинде биз кылгандан жакшыраак бирер иш кыла алсаӊар кылгылачы”, – деп туура айтты. Проблема кадрларда эмес, тескерисинче, эл аралык саясатта. Андагы Кыргызстан сыяктуу алсыз мамлекеттердин ээлеген ордунда. Дүйнөлүк система чоӊ күчтүү мамлекеттер алсыз мамлекеттерди беймарал кордой ала турган шарттар менен түзүлгөндүгүндө.
Эми Кыргызстанда бейпилдик болот эле, эгерде ушул күчтүү таасирге ээ мамлекеттердин бирөөсүнүн гана кызыкчылыгы болгондо. Ошондой болгону үчүн мурда тынч жашап келгенбиз. Акыркы жылдарда Афганистан проблемаларына байланыштуу ушул теӊ салмактуулук бузулду. Региондо бир нече күчтүү куфр мамлекеттеринин кызыкчылыктары карама-каршы келип калды. Алардын ар бири өз алына жараша эл аралык саясатка таасир көрсөтүү кубатына ээ болгондуктан, ошол кубаттарын Кыргызстанда көрсөтө башташты. Бул нерсе регион үчүн кооптуу абалдарды пайда кылат.
Проблеманын чыныгы чечими эмнеде? Эл аралык бузук системанын туура системага өзгөрүшүндө. Т.а. биздин каныбызды соруу менен күн көрүп жаткан демократияга негизделген капиталисттик системаны түп-тамыры сууруп таштап, анын ордуна Ислам динине негизделген системаны алып келүүдө. Ошондо мусулмандар өз өлкөлөрүндө куфр үстүнөн жеӊишке жетишип, оор өнөржайларын өнүктүрүүдө учурдагы тоскоолдуктардан кутулушат. Ошондо Кумтөрдү өзүбүздүн техникаларыбыз менен эч кимге муктаж болбостон шашылбастан каза баштайбыз. Бардык проблема мына ушуга барып такалат. Биздин өнөржайыбыздын өнүгүшүнөн атайылап тосушат. Максаты, Кумтөр сыяктуу байлыктарыбызды өзүбүз кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калышыбыздын алдын алуу. Ал үчүн БУУ сыякту уюмдарды ойлоп табышты жана бардык алсыз мамлекеттерди ага моюн сундурушту. Ал болсо дүйнөнү үчкө бөлүп, курал-жарак чыгаруучу өнөржайы өнүккөн жетекчи мамлекеттер, бардык түрдөгү өнөржайы өнүккөн бай мамлекеттер жана сырё менен жогорудагы эки түрдүү мамлекеттерди камсыздап туруучу агрардык мамлекеттер кылып бөлдү о.э. багыттарынан чыгып кетпесин үчүн ар дайым аларды көзөмөлдөп келет.