30-августта тарых илимдеринин доктору, РИАнын этнология жана антропология боюнча ага кызматкери
Сергей Абашин өзүнүн Facebookтагы баракчасында бир кайрылуу жасады. Анда Россия шаарларында базарлар, курулуш объектилери жана соода түйүндөрү мыйзамсыз мигранттардан “тазаланып” жатканы айтылат жана чакырылбаган конокторго жардам көрсөтүүгө чакырык бар:
“Коллегалар, достор. Азыр Петербургда да Москвадагыдай эле, мигранттарды массалык түрдө камакка алуулар жүрүп жатканын баарыңар жакшы билесиңер. Буга байланыштуу Питер активисттери жардам берүү борборун уюштурушту (укуктук жактан колдоо көрсөтүү, азык-түлүк алып барып берүү ж.б.у.с.) Бирок буга карабастан, алар азыр да абдан жардамга муктаж, айрыкча, мекендештерине жардам колун созгон диаспоралар жана Орто Азиядан келгендерден чыкккан ыктыярдуулар өзгөчө жардамга муктаж. Котормочулар жана активдүү адамдар керек. Мүмкүн, кандайдыр сайттар же фейсбук-контактта группалар бардыр. Мындан сырткары, адвокаттарды табуу зарыл”.
Ушул тема боюнча дагы башка жаңылыктар: Түмөндө Тажикистан, Узбекистан жана Кыргызстан жарандары кармалды
Москвада Кыргызстандан келген мигранттар кармалды…
Мындай жаңылыктар тизмегинин учу көрүнбөйт. Биздин саясатчылар таңдан-кечке таңшыган Россия менен теңата саясат кайда? Россиянын колонизаторлугун жашырган “Россия биздин эң башкы өнөктөшүбүз” деген ураандын жалганын чыгарган акыйкаттын бири ушул эмеспи…