АТАМБАЕВ ЭМНЕДЕН САКТАНАТ

364
0

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттеги этникалык чыр-чатактар жана диний экстремизм бүгүнкү күндөгү эң негизги жана маанилүү проблемалардан экендигин баса белгиледи.

“Форс” маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, Атамбаев президенттик админстрациянын кеӊешчилер кеӊеши менен жолугушуу учурунда, Кыргызстан алдындагы проблема жана коркунучтарды карап чыгуу тууралуу сөз сүйлөп, этникалык чыр-чатактар жана экстремисттик кыймылдардын күндөн-күнгө өнүгүп баруусу мамлекеттеги негизги жана маанилүү проблемасы экендигин маалымдады.

Атамбаев бул кеңештин өткөн бир жыл ичинде ишке ашырган иш-аракеттери жөнүндө сүйлөп жатып , кеңештин активдүү иш-аракеттери себептүү мамлекеттеги түрдүү органдардын кызматташуусу жакшыргандыгын билдирди. “Биз али Кыргызстандагы бардык потенциал жана мүмкүнчүлүктөрдөн толук пайдалана элекпиз”, – деп кошумчалады президент.

“Этникалык чыр-чатактар жана экстремисттик кыймылдардан бейкапар болбошубуз керек, анткени ушул эки маселе олуттуу көзөмөлдөнүшү жана чечүү үчүн бүткүл күч жумшалышы керек болгон маселелерден”, – деди.

“Мамлекетибизде түрдүү улут жана элдер жашайт. Алардын ар бири оң факторлор болушу менен бир катарда коркунуч фактору болушу да мүмкүн” – деди Кыргызстан президенти.

Ал этникалык чыр-чатактар жана диний экстремизм мурунку жылдарда да бар болгонуна ишара кылып, “бул проблемалар бүгүнкү күндө катуу көзөмөлдөнүшү керек” деп баса белгиледи.

Атамбаев “күздө мамлекеттик төӊкөрүшкө аракет болот” деп айткан күз да келди.

“Таттууну аким жеди, таякты жетим жеди” деген сыңары, баш көтөргөн оппозиция болгону менен, бутага алынгандар мусулмандар болот.

Себеби, оппозициялык күчтөрдүн артында АКШ сыяктуу күчтөр турат. Ал эми мусулмандардын артында эч ким жок, алар жеке адам болобу же жамаатпы айырмасы жок. Бирок, мамлекет назарында мусулмандардан коркунуч бар. Ага каршы даярдык көрүлүшү керек. Мамлекет бул коркунучту көрмөк түгүл, аны сезүүдөн да коркот. Ошондуктан, куфр тарабынан ойлоп табылган атамалар астында мусулмандарды бутага алууну ал азырынча эң коопсуз жол деп эсептеп келет.

Кыргызстандагы мусулмандар тарабынан боло турган же улуттар аралык мамиледен келип чыга турган кооп-коркунучтар деңгээлине келсек, чындыгында алар бар, жок эмес. Бирок, бул тараптардын бирөө билбей кала тургандай деңгээлдеги жашыруун кубаттары жок.

Мисалы, Кыргызстанда иш алып барып жаткан негизги жамаат “Хизбут-Тахрир”дин программасы боюнча, ал мамлекетке материалдык зыян жеткириши мүмкүн эместиги белгилүү. О.э. анда улуттар жана диндер аралык чыр-чатак чыгаруу аракеттерине катуу тыюу салынганы да баарыга белгилүү. Башка исламий кыймылдар да улуттук жаңжалдарды арам деп билишет.

Демек, Атамбаев ишара кылып жаткан коркунуч башка тараптан келет. Аныгыраак айтканда, Ганси авиабазасын чыгарып жиберүү алдында АКШ тарабынан күтүлөт. Атамбаев өзү кооптонуп жаткандай, АКШ оппозициялык партиялардан жана саясатчы адамдардан пайдаланышы мүмкүн. Ал эми бул саясатчылар өз кезегинде айрым саясий аӊ-сезимсиз кайдыгер мусулмандардан жана тайпалардан пайдаланат.

Бирок, кооп-коркунучту пайда кылган чыныгы фактор – Атамбаевдин эл аралык саясатта Россия кызыкчылыгы тарабында – бир тараптуу иш алып барып жатканына барып такалат. Ал бир тараптан куфр базаларын чыгарып жаткан болсо, экинчи тараптан башкаларына кеӊири жол ачып берүүдө. Натыйжада, биринин кызыкчылыгын коргойм деп жатып, өз калкын экинчи тараптын фитналарына салып берүүдө. Өзү болсо, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, эч нерседен капарсыз, бардык ишти Ислам террористтери коркунучуна буруп, уялбастан сүйлөп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here