АС-СИСИ АРТКА ЧЕГИНДИБИ?

“Израиль жана Саудия тарабынан колдоп-кубатталып келе жаткан Мисир хунтасынын лидери генерал Ас-Сиси элдик козголоӊдун каршысында артка чегинүүгө мажбур болду”, – деп кабар берди “Ислаххабар” маалымат агенттиги.

Кабарда, Мисир президенттигинен четтетилген Мухаммад Мурси жана “Мусулман агайындар” жамаатынын тарапкечтерине қарата Ас-Сиси “ынкылапты унутуп тезинен келишим түзөлү” деген сунуш менен чыккандыгы айтылат.

“Расд” маалымат сайтынан алынган кабарга ылайык, Мисир көчөлөрүндө уланып жаткан акциялар себептүү тынчын жоготкон Хунта башкаруусу “Мусулман агайындар” жамаатынын жетекчилери менен мамиле түзүп, 3-июль окуяларын ынкылап деп түшүнбөстүктөрүн жана элге да муну ынкылап деп түшүндүрбөстүктү талап кылган.

О.э. кабарда айтылышынча, аскерий хунта “Мусулман агайындар” жамаатынын жетекчилеринен демонстрацияга чыккан элди үйлөрүнө кайтарып, демонстрацияны токтотуусун да талап кылган. Адистер Сисинин бул сунушуна “ылайыксыз сунуш”, “саясий пара сунуштоо” жана “Сисинин күнү бүтүшү” деген мааниде комментрий берип, бул сунуш “Мусулман агайындар” тарабынан кабыл алынышына көзү жетпестигин маалымдашты.

“Мусулман агайындар” жамааты болсо мусулмандарды кыргын кылган жана беш миӊден ашык кишини өлтүргөн аскерий хунтага сүйлөшүү алып баруу үчүн оболу Мурсинин азаттыкка чыгарылышын шарт кылып коюшту.

О.э. кабарда аскерий хунта – эгерде келишүү ишке аша турган болсо – Мурси жана “Мусулман агайындар” жамаатынын  камакка алынган бардык жетекчилерин азат кылып, коопсуздугун камсыздашы жана тартып алынган мал-дүйнөлөрүн ашыгы менен кайтарып бериши мүмкүн экендиги айтылат.

Бул кабар, Каир, Асют, Хелван жана бир нече жерлерде аялдар, ошону менен бирге Ал-Азхар университетинин студент кыздары тарабынан уюштурулган демонстрациялар күчөгөндөн кийин ачыкка чыкты.

Туркистон:

Сиси саясатчы да, идеологиялык муфаккир да эмес. Ал тургай, мусулмандардын душманы да эмес. Сиси да Асад сыяктуу эле, Ислам жана мусулмандардын чыныгы душманы болгон дүйнөлүк системанын малайы.

Ал балким жогорудагы баянатынын түпкү келип чыгуу себебин да түшүнбөстүр. Бирок, ага жол көрсөтүп жаткандар жакшы билишкендей, Мисирде да Сириядагы ката кайталанууда. Дал ушул “Мусулман агайындар” жамаатын өздөрүнөн нары түртүп жиберүүлөрү, анын исламий саясийлешип бара жатканына себеп болду. Ушул жамаат Мисирде өтө чоӊ күч болгондуктан, идеологиялык күрөштө анын кайсы тарапта турушу, өтө чоӊ мааниге ээ. Ошондуктан, куфр дүйнөсү Сиси тарабынан кетирилген катаны оӊдоого аракет кылып, “Мусулман агайындар” жамаатын дагы мурунку кызматтарына тартмакчы.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

17 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

3 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

3 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

3 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

3 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

3 days ago