АЛ-КАИДА АМЕРИКА ҮЧҮН ДА КОРКУНУЧ ТУУДУРУП ЖАТАТ

273
0

АКШ президенти Барак Обама ак үйдө Ирак президенти Нури ал-Маликини кабыл алды. Жолугушуу учурунда Обама ал-Каида Ирак эле эмес, бүтүндөй регионго, ал тургай, Америка үчүн да коркунуч туудуруп жатканы тууралуу айтты.

Президент Обама жаӊыдан күч топтоого киришкен ал-Каиданын чабуулун жокко чыгаруу үчүн Америка Ирак менен кызматташтыкта аракеттене тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде Малики да шайлоолор өзүнүн убагында өткөрүлө тургандыгын билдирип, өлкөдө демократияны күчөтүү террорго каршы күрөштү дагы да активдүү абалга келтире тургандыгын тастыктады.

Ак үйдөн берилген билдирүүгө ылайык, Иракка жардам көрсөтүүнү улантуу зарыл. Айрыкча эмдиги жылы бул мамлекетке Ф-16 тибиндеги аскерий самолёттор да сунушталат. А бирок, конгрестин кээ бир мүчөлөрү Иракка аскерий жардам көрсөтүү туура же туура эмес чечим экендиги тууралуу териштирип жатышат. Бул саясатчылар шиалардан турган өкмөттү мамлекетте азчылыкты түзгөн суннийлер менен бийликти бөлүшпөй жаткандыкта айыпташууда.

БУУнун болжолдуу отчётуна ылайык, апрель айынан бери суннийлер жана шиалар ортосундагы кагышуулардын натыйжасында 7500 гө жакын адам өлгөн.

Туркистон:

Ал-Каида АКШ үчүн дүйнөнү чалгытуудгы бир атамага айланды. АКШ ал-Каиданы дүйнөдөгү карапайым калка коркунучтуу, колунан бардыгы келүүчү бир күч кылып көрсөтөт. АКШ өзүндөгү аскерий жана башка күчтөрү менен, дүйнөлүк коомчулуктун жардамы аркылуу о.э. башка мамлекеттердин ага көрсөтүүсү зарыл болгон жардамдары эсебинен бул күчкө каршы тура ала турган болуп көрүнөт. Ал дүйнөлүк жетекчиликтин пайдубалы болгон аскерий базаларын ушундай пикирлерди багыттоонун эсебинен кармап турат.

Түпкүлүгүндө болсо, маселе таптакыр башкача. Сергектикти күчөтүүгө үндөөчү бул ызы-чуу аркылуу мусулмандардын байламталарына айланып бара жаткан Ислам идеологиясына каршы, улутчулдук же мекенчилдик байламталарын күчөтүп, биригип бара жаткан мусулмандарга каршы куфр байрагы астында адамдарды бириктирмекчи болууда. Себеби, куфр өлкөлөрү да күн өткөн сайын мусулмандарга толуп бара жатат. Мусулмандардын саны сырттан келген мигранттардын эсебинен эле эмес, жергиликтүү жарандардын арасынан да көбөйө баштады. Бул болсо, алардын диний эркиндигинен келип чыгып, өлкөлөрдүн Исламий үрп-адаттар менен калыптанышына алып барат. Мисалы, Москвада курман айтта курмандыкка союлган койлордун көптүгү жана намазга чыккан мусулмандардын чеги көрүнбөй бара жатканы мамлекеттин тынчын алды. Путин өлкөнү мусулмандардан тазалоого өттү. Бул иште, ал да бардык мамлекеттик эмес уюмдардан жана жарандык активисттердин келгиндерге каршы үгүттөө иштерин алып барууда пайдаланып жатат.

Демек, маселе Ислам байрагы астында биригип, ойгонуп келе жаткан мусулмандарга каршы элдик базаны даярдоо. Бул иштер мурда Исламий өлкөлөрдө активдүү жүргүзүлүп келген болсо, өз өлкөлөрүндө өтө пассивдүү көрүнүштө алып барылчу эле. Эми тескерисинче, Исламий өлкөлөрдө бул багыттагы иштер натыйжа бербей, өздөрүнүн өлкөлөрүн сактап калуга шашыла башташты. Себеби, акыркы убактарда Ислам идеологиясы куфр идеологияларын күрөш майданына катуу чакыра баштады. Хизбут-Тахрир тарабынан өткөрүлө баштаган бир катар конференциялар, демонстрация жана ачык чакырыктар буга мисал болот. Алардын бул күрөштөн баш тартуусу өздөрүнүн калкы тарабынан жаман кабыл алынышы табигый абал. Ошондуктан, алар айла-амал иштетүү жолу менен мусулмандардын муфаккир саясатчыларын куугунтуктоо үчүн жогорудагы коркутуп-үркүтүүлөрүн күчөтүштү.

Бирок, алар көтөрүп жаткан мекенчилдик же улутчулдук байламталары тынчтык маалында адамдарды эч качан бириктире албайт. Ошондуктан, алар мындан кийин жасалма согуштар же коркутуулар менен өз калкын бириктирүүгө аракеттенишет. Алар көтөрүп жаткан бул байламталар, сезим-туйгулардан келип чыгуучу айбандык байламталар болуп, адамдарды Ислам идеологиясына каршы көпкө кармап тура албайт. Инша Аллах.

Абу Али:

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here