1-ДЕКАБРЬ БУТКУЛ ДУЙНОЛУК СПИДГЕ КАРШЫ КУРОШУУ КУНУ

769
0

1-декабрда Буткул дуйнолук спидге каршы курошуу куну белгиленди. Бул СПИД деген балээ пайда болгондон  бери 35,2млн адамдын жанын алып, учурда жылына 1,5 млндон ашык адам бул оорудан каза болот. А биздин демократ кыйындарыбыз  койгойдон арылуунун чараларын корумуш этип, «антип атабыз, минтип атабыз, кыскасы, кыйратып жатабыз» дегенине карабастан, 20-кылымдын чумасы 21-кылымдын да чумасы болгон бойдон калууда.

Бугун дуйно мамлекеттеринде, алардын катарында КРда дагы Буткул дуйнолук спидге каршы курошуу куну белгиленди. Белгилуу болгондой, негизинен ВИЧ оорусу жыныстык байланышуудан жана банги заттарды пайдалануудан жугат. Ал эми Батыштан келген ар кандай «адамгерчиликтуу» уюмдар мындай жуктуруулардын алдын алабыз деген жуйоо менен нарко дары, шприц жана презервативдерди таркатышат. А бул болсо карды ач адамдын алдына аш коюп, анан кашык да карматып койгондой эле кеп. Ушундан улам, алардын мындай иш аракеттери СПИДди жоготпой эле, тескерисинче анын көбөйүүсүнө шарт тузуп беруудо.

Борбор азиядагы маалыматтык-окуу борборунун жетекчиси Бонивур Ишемкуловдун айтышынча: «Кыргызстан  СПИДдин жайылуусу боюнча  дуйнөдо 9-орунда турат. Биз алда качан эле Африкадан озуп отконбуз. Жада калса, бул оору КМШ жана Батыш Европада  ото тездик менен жайылууда», – деди.

Эскерте кетсек: Биринчи жолу бул дарт 1981-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында гомосексуалисттерде катталган. 2012-жылдын отчету боюнча спид менен жашагандардын саны 35,2млнго жеткен. 2,3млн адам жаңы жугузган. 1,6млн киши каза болгон.

Ал эми КРда ВИЧке чалдыккандардын саны ушул жылдын 1-ноябрына карата 5060ка жетти. Алардын 809у каза болгон. Ооругандардын ичинен 485и 14 жашка чейинкилер.

 

Пайгамбар (С.А.В) айтты:

…Кайсы бир коомдо фахш (бузукулук) таркап, а тугул алар ушул иши менен белгилуу болуп кетишсе, алардын арасында мурунку откон адамдарда болбогон оору жайылат…

Пайгамбар а.с. дагы айтты: …Кайсы бир коомдо фахш пайда болдубу, алардын арасында олум кен таркайт…

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here