2013-жылы 19-июлда Ош облусунун ИИБ кызматкерлери боордошубуз Аюбхан Машраповду камакка алды. Аны жаназага катышкандыгы жана шахидди даңазалагандыгы үчүн айыптап кармашты. Аюбхан бир тууганыбыз жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпогон дааватчылардан, колунан келген жакшылыгын элден аябаган эр-азаматтардан болчу. Колунда жок бей-бечаралар үйүнөн өлүк чыкса, аларды жууп, анысы үчүн бир да тыйын алчу эмес. Ал тургай, бомждордун жасатын жууп, ал бейиттерди акыркы сапарына узатчу. Бул боордошубуз жашы жете элек 8 баланын атасы жана алардын жалгыз камкору эле.
Аюбхан бурадарыбыз мурун да бир жолу камакка алынып, анын азыркы кармалышы да ошого байланыштуу болуп олтурат. Анда окуя мындайча болгон эле. 2013-жылы 12-июнь күнү таң эртелеп Аюбхандын үйүнө маска кийген автоматчан адамдар бастырып киришкен. Айкын болгондой, алар Ош облустук ИИБнын кызматкерлери экен. Алар мыйзам боюнча тыюу салынган буюмдар табылып калар бекен дешип, үйдү үч көтөрө тинтишкен. Бирок, укукка тескери эч нерсе таба алышпаган соң, алар компьютердин катуу дискин чыгарып алып, өздөрү менен кошо алып кетип калышкан.
ИИБ кызматкерлери жеке керт баш кол тийгистиги жөнүндөгү мыйзамды бузуу менен, прокурордун санкциясы жок эле, дискти ачып текшеришкен жана электрондук почтаны сындырып киришкен. Кийин куулук менен Аюбханды камакка алуу боюнча соттун санкциясын алуу үчүн, төмөнкүдөй шумдуктуу жомок-сценарийди ойлоп табышкан:
Кескен-Жар айылынын Хамидов Кобилжон Хамидович деген бир тургуну көчөдөн компьютердин катуу дискин таап алган имиш. Дискти үйгө алып келип, эмне бар болду экен деп, (шашпай!!!) дискти компьютерге салып караса, анын ичинен Таширов айылында болуп өткөн жаназанын видеотасмасы жүрүптүр. Тасмада Бишкек темир торлору аркасынан шахид болуп келген Абдуллаев Тошбулат агабыздын жаназасы тартылган экен. Муну көрүп алып, “жалаң гана мыйзам менен жашаган” Кобилжон Хамидов орган кызматкерлерин кабардар кылуу үчүн, 25 км алыстыктагы Ош ИИБсын көздөй чабат, негизи, ал ИИБдан эч кимди таанычу эмес имиш. “Дайым даяр турган” ИИБ кызматкерлери дискти дароо экспертизага тапшырышат. Эксперттер болсо, видео экстремисттик уюм тарабынан тартылган жана анда Аюбхан “Аллах Таала бул кишиге шейиттикти насип этсин жана андан ыраазы болсун! Аллах Таала бизди да шейиттикке жеткирип, өз ыраазылыгына жетүүнү насип этсин!” деген сөздөр менен чыккан деп тыянак чыгарып берген.
Ошондо Аюбханды адвокатсыз жана айыптын эч бир түрүн айкын кылбай туруп эле 10 саат кармашкан. Негизи, мыйзам боюнча, мындай учурда 3 саат кармаганга гана акылуу болчу. Ал эми, алардан кармагандыгы үчүн негиз көрсөтүү талап кылынганда болсо, алар Аюбханга карата чара көрүү жөнүндөгү ИИМдин катына негиз катары шилтеме жасашкан.
Мындай мыйзамсыз аракеттерге каршы, боордошубуз Аюбхан президентке, генпрокурорго, ИИМге кат жолдогон. Катта жаназага катышуу жана шахидге ыраазылык билдирүү качантан бери кылмыш болуп калгандыгына түшүндүрмө берүү талап кылынган. О.э. анда – Атамбаев өзүнүн “адамды Аллаху Акбар деп кыйкырганы үчүн эле олтургуза берсе болмок беле” деп айткан сөзүнөн кайттыбы – деген суроо коюлган.
Боордошубуз азыр да камакта кармалып турат жана алиге дейре суроо-талаптарына жооп ала элек. Кыргызстанда болуп жаткан акыркы окуялар, жогорудагыдай камакка алуулар, аял-эркек дебей чыныгы мусулмандарды куугунтуктоолор – булардын бардыгы президент Алмазбек Атамбаев РФ президенти В. Путинди изме-из ээрчигендигин даана көрсөтүп турат. Кыргызстан түрмөлөрүндө мусулмандарды кыйноого салуулар жана шылдыңдоолор көбөйүп кетти. Ал жактан шахиддер сөөктөрү чыгып жатат. Азыркы акимдердин жана алардын жүгүртөктөрүнүн тандап алган бул залимдик жолдору аларды эки дүйнө кыйроосуна гана алып барат. Аллах Таала Курани Каримде айтат:
– (Алардын кылмыштары) куду Фиравн адамдарынын жана алардан мурункулардын кылмыштарына окшойт. Алар Жараткандын аяттарын жалган дешкен соң, Биз аларды бул күнөөлөрү үчүн жок кылдык жана (деңизге) чөктүрдүк! “Анфаал” сурасы, 54–аят.
Хамзин Эльдар
Хизб ут Тахрир Кыргызстан
23.07.2013