CA-NEWS (KG)де кабарлангандай, Каракол шаарында жана Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу райондорунда Орозо айтка карата 7 августта жакырларга жардам берүү акциясы болуп өттү.
Обладминистрациянын берген маалыматына караганда, 30 миң сомдук суммадагы азык-түлүк 40 үй-бүлөгө берилген. Саамалыктын уюштуруучусу «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду болгон.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, бул фондго обладминистрация тарабынан ыраазылык каты тапшырылган.