ТЕРРОРЧУ ДЕП АЙЫПТАЛГАН ҮЧ ЖАРАН ӨМҮРҮНҮН АКЫРЫНА ЧЕЙИН КАМАККА СОТТОЛДУ

309
0

Бишкектин Октябр райондук соту Кыргызстанда “Жайшул Махди” террористтик уюмунун жамаатын түздү деген айып менен кармалган топтун үч мүчөсүн болгон мүлкүнөн ажыратып өзгөчө тартиптеги колонияда өмүрүнүн аягына чейин абакта кармалсын деген өкүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады. Анын айтымында, бул топко мүчө делген 4 адам да мүлкүнөн ажыратылып, катуу тартиптеги абакка 23 жылга кесилди. Дагы экөө 22 жылга, калгандары 8, 7, 4 жылга эркинен ажыратылды.

Террорчул “Жайшул-Махди” уюмунун мүчөсү делген бул топко 2010-жылы Бишкектеги спорт сарайдын жанында теракт уюштурган, АКШ жаранын тоногон, Бишкек милициясынын имаратынын жанында жардыруу даярдаган, Октябр райондук милициясынын үч кызматкерин өлтүргөн деген айып тагылган. Азыр алар УКМКнын тергөө абагында камакта жатат, коюлган айыптар негизсиз деп эсептешет.

Соттолгондордун жактоочулары эми шаардык сотко доо арыз менен кайрылмай болууда.

(“Азаттык”тан алынды)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here