1-аял кишинин өз үйүндө жана үйүнүн айланасында шым кийген абалда намаз окуусунун өкүмү
2-аял кишинин парик кийген абалда намаз окушу жана үйүнөн чыгуусу
Суроо: Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух. Азиз саййидим, аял кишинин өз үйүндө же эл чогулган жерде шым менен намаз окуусу жайизби? Экинчи суроо: Аял киши парик менен намаз окуусу жана үйүнөн тышкарыга чыгуусу жайизби, аял киши үчүн бул экөөсүнүн өкүмү кандай?
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.
а) – аял кишинин үч нерсени өзүндө камтыган шаръий кийими болбосо коомдук турмушка чыгышы жайиз эмес:
авратты бекитүү, табарруж (жасануу) абалында болбоо жана жилбаб.
Үйдөн сыртка чыгуу үчүн авратты бекитүүнүн өзү жетиштүү эмес, ал үчүн адаттагы кийимдеринин үстүнөн жилбаб кийүүсү, табарруж абалда болбошу зарыл (табарруж – бул көӊүлдү өзүнө бура турган даражада жасануу). Мисалы, шым кийүү авратты бекитет, бирок анын үстүнөн жилбаб кийилбесе табарруж болуп калат. Парик да чачты бекитет, бирок ал этибарды тарткандыгы үчүн табарруж болуп эсептелет. Ошондуктан, коомдук турмушта парик кийүү жайиз эмес, болгону париктин үстүнөн аны бүтүндөй жаба турган жана назар таштаган кишиде анын белгисин калтырбай турган даражадагы жамынгыч (жоолук) ороп алса жайиз. Анткени, зыйнат бекитилгени менен, бирок этибарды тарта турган болсо, анда ал табарружга айланат. Себеби, Аллах Субханаху аял киши үчүн балтырына кийиминин ичинен кийилген халхалдын (аялдар буттарына тагуучу жасалга шакектин) добушун билдирүү арам экендигин баян кылды. Аял киши бутун жерге урганда халхал бар болсо, ал анын бар экендигин билдирүүчү добуш чыгарса – мейли анын үстү жабык болсо да – бул нерсе табарруж болуп эсептелет. Анткени, ал добуш чыгаруу менен этибарды тартуучуга айланат – Аллах Таала мындй дейт:
وَلَا يَضْرِبْنَ بِأَرْجُلِهِنَّ لِيُعْلَمَ مَا يُخْفِينَ مِن زِينَتِهِنَّ
“Дагы жашырган кооздук жасалгалары билинсин үчүн буттарын (жерге) урушпасын!” [24:31]
б) – аял киши өз үйүндө намаз окушуна келсек, буга авратты жабуу шарт кылынат, жилбаб кийиши болсо шарт эмес. А бирок, анын мечитке же айт намазы окула турган майданга чыгышы үчүн авратты жабуусу жетиштүү болбойт, тескерисинче, ал үч нерсени өзүнө камтыган кийим кийүүсү важиб:
авратты жаап туруучу кийим, табарруж болбогон кийим жана жилбаб.
Эми үйүнөн тышкарыдагы намазга келсек анын кийиминде жогоруда келтирилген үч шарт толук табылышы керек. Ошондуктан, ал үйүнөн тышкарыда, мисалы, мечитте шым же парик кийген абалда намаз окушу жайыз эмес. Анткени, шым менен парик – мейли астындагы жерлерин жаап турса да – ага табарруж т.а. этибарды тартуучу зыйнат деген нерсе туура келет. Ошол себептен улам, муну менен окуган намазы сахих, дурус болбойт. Ал болсо жогоруда айтып өтүлгөн үч нерсени өз ичине алган шаръий кийимди кийбеген абалда коомдук турмушка чыгуусу менен эле күнөөкөр болот.
Бурадарыӊыз Ато ибн Халил Абу ар-Рашта
18-ражаб, 1434-х.
28-май, 2013-м.