Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, Сирияда айына 5 миң киши набыт болот. «Бул көрүнүш кырдаал өтө кыйындап кеткенин көрсөтүп турат», – деди БУУнун адам укуктары боюнча башчысы Иван Симонович. Дагы БУУ маалыматы боюнча, кан төгүү башталгандан берки эки жыл ичинде Сирияда 100 миңден ашуун киши набыт болгон.
Ал эми БУУнун качкындар боюнча Башкы комиссары Антонио Гуттерьес күн сайын 6 миңге жакын киши Сириядан качып чыгарын билдирди. Коңшу өлкөлөрдө баш калкалап турган сириялык качкындардын саны 1,8 миллионго чукулдаган. Уюмдун гуманитардык жетекчиси Валери Амос Сирия бийлиги менен оппозициясын элди ойлобогону үчүн сынга алды. Алар БУУнун Коопсуздук кеңешине кырдаалды жөнгө салуу үчүн чараларды күчөтүү өтүнүчү менен кайрылышууда.
Негизи, БУУ ар кандай отчетторду чыгарып, адамдар көзүнө “сулуу” көрүнө берет.
Ар түрдүү булактардын дал келген эсептөөлөрү боюнча, согуш башталгандан бери Сирияда өлгөндөрдүн саны эки жүз миңге чукулдаган. Жергиликтүү калктын күбөлүк беришинче, Башар Асад армиясы топ-тобу менен кырылган карапайым адамдардын өлүктөрүн жамаий кабырларга көөмп таштоодо.
Мына ушунун баарын көрүп туруп, АКШ-Россия Башардын 2014-жылга чейин бийликте турушуна келишип алышты. Британия болсо курал берем-бербейм деп, өз “оюнун” ойноп жатат.
Негизи, БУУну мына ушул империялар түзөт эмеспи. БУУ мына ушул колонизаторлордун куралы эмеспи…