Саудия арабстаны королунун үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири принц Холид ибн Фархон режимге каршы чыгып, оппозициядагы Исламий Реформа Кыймылына кошулганын жарыя кылды. Ал интернет социалдык тармактарынын бири аркылуу өзүнүн Саудия режиминен кеткендигин билдирген. Принц Холид Королдуктун башка принцтерин, айрыкча, өзү менен пикирлеш принцтерди да Аллах ыраазылыгы үчүн үн кошууга чакырды.
Принц Саудия режиминин басымы астында абдан оор азаптар чеккендиги жөнүндө айтып, “Оор тажрыйбаларымдан келип чыгып акыйкаттарды үйрөндүм. Корол үй-бүлөсү бүткүл мамлекетти өз мүлкүндөй көрөт”, – деп баса белгиледи.
Королдук үй-бүлөсүн таштап, оппозициядагы Исламий Ислах Харакетине кошулганын баян кылган принц Холид мунусу үчүн сыймыктанарын билдирди.
Википедия маалыматтарына караганда, Саудияга өкүмдар үй-бүлөнүн 25000ге жакын мүчөсү бар. Алардан 200гө жакыны принц наамына ээ. Азыркы король Абдуллах ибн Суад 63,2 миллиард доллар байлык менен дүйнөнүн эң чоң байларынан эсептелет.