РОББИМ АЛЛАХ ДЕГЕНИ ҮЧҮН КЫЛМЫШКЕРБИ

361
0

Кече Франциянын Траппи шаарында нааразылык акциясы болуп өттү. Коомдук жайда хижаб кийген аялга штраф төлөөтүү максатында полиция кызматкерлеринин жасаган аракети ушул акцияга себеп болду.

Күбөлөрдүн айтуусунда, Траппиде тынчтык орнотулган болсо да, полиция кызматкерлери рамазан айында мындай тынчсыздыктар үчүн кабатырда экендигин билдирген. Бул боюнча Франция ИИМ жетекчиси Манюэль Вальс “республика мыйзамдарына бардык жарандар моюн сунуулары керек” деп,  Траппиде тынчтыкты сактоого чакырган.

Акцияда катышкан жана орган кызматкерлерине каршылык көрсөткөн деген айып тагылып үч киши камакка алынган, алардын арасында хижап кийген аялдын жубайы да бар. Кагылышууда жабырланган өспүрүмдөр да бар, алар больницаларга жиберилген- деп кабарлайт ИТАР-ТАСС.

Францияда 2011-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, “коомдук жайларда жүздү жабууга” т.а. хижаб жана жилбабга тыюу салынат. Бул мыйзамды бузгандарга 150 евро штраф салынуусу мүмкүн. Мусулмандар жамааты бул мыйзамга нааразы экендиктерин бир канча ирет айтып чыгышкан.

Кечээ (21.07) Франция ИИМи ушул ишке нааразылык билдирип 20дай машина өрттөлүп жиберилгенин жана  бул шаарда тартип орногонго чейин полиция күчөгөн тартипте иштээрин маалымдаган.

Мына сага демократия чокуларынын бири болгон Франция. Алар айтып жатышкан эркиндиктер, адам укуктары каякта?! Буга каршы адам укуктары уюмдары, исламий ааламдагы уюмдар эмнеге үн катышпайт? Эмне үчүн бүткүл ааламдардын жаратуучусу болгон Аллах Тааланын буйругун аткаруу кылмыш эсептелинет?!

Мутасим Биллахтын ишин уланта турган Халифа кана? Аллах Таала эркек кылып жаратып, аялзаты-назикзаттарды коргоону моюнуна жүктөгөн Үммөт ичиндеги уландар кайда? Ошондуктан биз үчүн, аялдарыбызды коргоп ала турган Халифабызды тикелемейинче, кол кууштуруп олтурууга болбойт!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here