Мисирдеги аскерийлердин мусулмандарга карата репрессияны күчөтүшү, албетте, бардык мусулмандардын армияга каршы көтөрүлүшүнө алып барат.
Орус президенти Путин мына ушундай жарандык согуштан кооптонуп жатканын билдирди. Ал “Египеттеги абал Сириядагыдай абалга карай бара жатат” деди. Ал жактагы жарандык согуш Путинди эмнеге кооптондурат?
РТР телеканалы Египеттеги жана Сириядагы абалдар жөнүндө айта келип, анан Крымдагы Хизбут-Тахрир уюштурган Халифалык конференциясына өтүп кетти. Бул баяндар чынжыры Путин кооптонгон нерсени көрсөтүп берди. Б.а. Египет абалы Сирия абалына карай баратат, Сирия абалы болсо Халифалыкты тикелөөгө карай баратат.
Халифалык тикеленсе, ал исламий өлкөлөрдөн Американы кууп чыгат, Израилдин заты эмес аты да калбайт, акыры келме кезек Россияга да келет…