ММКлар билдиргендей, АКШнын бир жашуурун докменти ачыкка чыгып кеткен. Документе келишинче, АКШ Пакистан өкмөтү менен тил бириктирип, терроризмге каршы күрөш деген шылтоо менен абадан сокку узатууда 746 адамды өлтүргөн. Анын ичинен 147си карапайым тургундар, 12%ы жаш балдар экени аныкталган.
ЦРУ директору Джон Бреннан “биз кылып жаткан иштердин баары мыйзамдуу” дейт өз докладында. Пакистан бийлиги болсо абадан урулган соккуну көрсө да көрмөксөн болуп, ЦРУ планы аткарылышына жардам кылууда. Отчётто мындай соккудан 2004-жылы Пакистанда 3,5 миң адам курман болгону айтылат. Обама президент болордун алдында абадан соккуну азайтуу жөнүндө убада берген, бирок ал бийликке келгенден бери абадан сокку эки эсеге өскөнүн жазат көз карандысыз эксперттер.