1-июлда Ош ички иштер башкармалыгы (ИИБ) – Хизбут Тахрир саясий партиясына катыштуу 3 муслиманы кармашкандыгы тууралуу – маалымат таркатышты. Ал кыздарыбыз Молдобаева Айгерим, Рахманжан кызы Бурулай, Орозаалы кызы Айчүрөктөр эле. Маалымат агенттиктери бул кармоонун чоо-жайын текшербестен туруп эле, аны бир жаңылык катары калкка таркатууга ашыгышты. Биз, Аллахтын каалоосу менен, бул окуянын чоо-жайын жана айрым укук коргоо органдары кызматкерлеринин таква кыздарыбызга карата кандай жосунсуз жоруктарды жасашканын ачыкка чыгармакчыбыз.
2013-жылдын 28-июну таңында, изкубар Жоомартов Кадырдын башчылыгындагы изкубарлар тобу Рахманжан кызы Бурулайдын үйүнө бастырып киришкен. Үйдө Бурулай менен бирге анын коноктору Молдобаева Айгерим жана Орозаалы кызы Айчурөктөр бар эле. Укук коргоочулар эмей эле укукбузар бул изкубарлар кыздарга оройлонуп, акарат кылышкан. Буюмдарды туш келди ыргытып, үйдү үч көтөрө тинтишкен. Андан кийин бу изкубарлар тобу Айгерим менен Айчүрөктүн да үйлөрүнө барышып, эч кандай документ же токтом көрсөтпөй эле, тинтүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бул тинтүү учурунда да, бул “укук коргоочу” кызматкерлер кыздарыбызга өтө одоно мамиле жасап, оозго алгыс сөздөрдү айтышкан. Андан кийин Ош ИИБге алып кетишкен.
Макс деген немеси кыздарга кыйын чыгып, машинага күч менен салган. Кыздарыбызды ИИБ бөлүмүндө 2 күн кармашты. Изолятордо адамды кордоочу иштерди жасап, бир кызыбызды жат эркектер менен бир камерага камап салган. Бурулайдын 7 айлык чүрпөсү 2 күнгө энесинен ажыратылган. Кыздарга физикалык жактан да, психологиялык жактан да басым жасалган. Адвокаттын катышуусусуз, кагаздарга мажбурлап кол койдуруп алынган, ал тургай, ал кагаздарда жазылган нерселердин мазмуну менен таанышууга мүмкүнчүлүк да берилген эмес. Өзүн начальникмин деп тааныштырган Азиз деген кимсеси болсо, эгер кол койбосоңор токко урдурамын деп коркуткан. Кыздардын айтымында, ал жерде дагы эки кызматкер катышкан. Алар бири-бирин Талгат деп аташкан. Бул экөөсү кыздарга карата тилге алгыс сөздөрдү оозанышып, катуу сөгүнүшкөн. Алардын бири Айчүрөккө кол көтөрүп, натыйжада катуу сокку айынан Айчүрөктүн колу оор жаракат алган.
Пакиза кыздарыбызга зулум көрсөткөн бул залим кызматкерлердин арасынан бизге аты белгисиздери да бар. Бирок, биз албетте алардын да аты-жөнүн аныктайбыз жана коомчулукка шардана кылабыз. Эл билсин, эл таанысын бул залимдерди!
О.э. биз, аз да болсо ыйманы жана ар-намысы сакталып калган укук коргоо кызматкерлерине төмөнкүлөрдү эстете кетебиз. Аллах Субханаху ва Таала ыйман келтиргендерди өз ара бири-бирине мээримдүү деп сыпаттаган.
Дагы Аллах Таала Куранда айтат:
– “Момун эркек жана мумина аялдар бири-бирлерине дос. Алар бири-бирин жакшылыкка үндөшөт, жамандыктан токтотушат”. Тообо сүрөсү, 71-аят
Эй орган кызматкерлери, өз карындаштарыңарга өгөй мамиле кылууга силерди эмне түртүп жатат?! Кафирлер убада кылган арзыбас акчага азгырылдыңарбы?! Билсеңер, динибиздин таалими боюнча, муслима эже-карындаштарыбыз – мусулман эркектер коргочу ар-намыстарыбыз! Өз намысыңарды коргоп албастан, кайра аларды кордогонуңар эмнеси?! Арзыбас акчаны абийириңерден артык көрдүңөрбү?! Ата-бабаларыбыз “Эрди намыс өлтүрөт” деп айтып келбеди беле. Диниңерге, бабаларыңарга, намысыңарга кыянат кыласыңарбы?! Эмне, кыянатчы-саткынсыңарбы!..
Анан дагы Жараткан Алла Таала пакиза аялдардын ар-намысына шек келтирүүнү арам кылган. Аллах Таала Курани Каримде айтат:
“Пакиза аялдарды жаманатты кылып, кийин (бул сөздөрүнө) төрт күбө келтире албаган адамдарга сексен камчы ургула жана эч качан алардын күбөлүктөрүн кабыл албагыла! Алар фасык адамдар.Бирок, ушул (кылмыштарынан) кийин тообо кылып, (өздөрүн) оңдогон кишилер гана (фасык эмес). Анткени, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү”. Нур сүрөсү, 4-5-аяттар
Жакынкы эле тарыхта, мусулманчылыгын карманган бабаларыбыз тарыхында, эч ким муслима кыздарыбызды акарат кылганга батынган эмес. Эгер кимдир бирөө акарат кылса, анда аны мусулмандардын өч алуусу жана жазасы көпкө күттүргөн эмес. Ал тургай Халиф, муслима айымдарыбыздын ар-намысын коргоо үчүн, бүтүн бир мамлекетке каршы согуш жарыялаган.
Мына жакында туура жолдогу Халифалыктын тикелениши жөнүндөгү Аллах Тааланын убадасы жана сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.дын сүйүнчү кабары жүзөгө чыгат. Мына ошондо мусулмандар бүгүнкүдөй коргоочусуз калбайт жана ар бир залим кылган зулуму үчүн жазаланат.
Аллахтын каалоосу менен, биз мындан ары да залимдер зулумунун бетин ачып таштай беребиз. Ал залимдердин жана алардын жүгүртөктөрүнүн аттарын коомчулукка жарыялай беребиз. Анткени, зулум көргөн ар бир мусулман эртең халифке адилеттүүлүк жүзөсүнөн арыздана алсын жана халиф ал залимди татыктуу жаза менен жазаласын!
Ошол күндө адилеттүүлүк өкүм сүрөт жана мусулмандар шаттанышат
Хамзин Эльдар
ЦМО Хизб ут Тахрир
07.07.2013