МИСИРДЕ ЭМНЕЛЕР БОЛУП ЖАТАТ

337
0

Хизбут-Тахрир амири Ато ибн Халил Абу Руштанын “Американын Мурсийден жүз үйрүшү анын «мээлүүн исламчылар» деп аталып жаткандардын бийликке келишинен жүз үйрүгөндүгүн түшүндүрөбү” деген суроого жообу:

– Маселе жүз үйрүгөн же үйрүбөгөндүктө эмес. Башкы маселе Мисирде Америка таасиринин туруктуулугунда. Америка таасири өткөн бир нече он жылдардан бери саясий катмардын көпчүлүгүндө таасирдүү болуп келе жатат жана Америка өз таасири үчүн Мисирдин туруктуу борбор болуп калышына өзгөчө маани берет. Мындагы “туруктуулук” деген нерсе мисирликтер үчүн эмес, Американын өз таасири жана программаларын беймалал жүзөгө чыгарышы үчүн керек… 25.01.2011де капыстан элдик козголоңдор башталганда, Мубарак Американын кызыкчылыктары ишке ашуусун камсыздай албай калды. Ал туруктуулук орното албаган соң, Америка Мубаракты бир четке сүрүп салды. Андан соң элдик козголоңдор агымына түшүп, өз программаларын, айрыкча израил менен болгон “Кэмп-Дэвид келишимин”(1978-жылкы Кэмп-Дэвид токтомуна ылайык 1979-жылы Вашингтондо Израил–Мисир ортосунда Анвар Садат менен Менахем Бегин кол койгон тынчтык келишимин) ишке ашырууга Мурсий кепил болгондон кийин, Америка аны бийликке алып келди жана ага жардам берди.

“Ватан партиясы” кеткенден кийин, “Ихванул муслимийн” жетекчи жана эң чоң партия болуп калгандыгын этибарга алып, Америка андан туруктуулукту жүзөгө чыгарып беришин күткөн эле, мурунку призидент менен “Ватан партиясы” кылганындай, кырдаалды турукташтырууга аракет кылышын күткөн эле. Бирок, Мурсий мунун өтөсүнөн чыга албады, ушундан соң Америка андан жүз үйрүдү жана 3.7.2013тө жаңы бийлик артында турду жана аны колдоп-кубаттады.

Ушуга караганда, Американын “мээлүүн исламчылар”дан жүз үйрүшү акыркы жылдардагы Америка саясатынан тышкаркы себептен улам болду. Анткени, Америка саясаты “мээлүүн исламчылар” деп аталып жаткандардын бийликке келишин жеңилдештирүүдөн турар эле. Америка бул саясаты аркылуу “бир ок менен эки коён атмакчы” болгон:

Биринчиден, Ислам башкаруусуна умтулуп жаткан мусулмандар массасын алдоо. Негизи, “мээлүүн исламчылар” демократия жана республиканы жарыя кылышып, аларды орнотууга ант ичип жатышат! Алардын “исламий” деп аталуулары жалпы мусулмандардын туйгусун кытыгылап, мусулмандар ушул “исламчылардын” бийликке келишин Ислам бийликке келгендей ойлоп алып жатышат. Мунун айынан Ислам менен өкүм жүргүзүү үчүн болгон т.а. халифалык түзүмүн ишке ашыруу үчүн болгон туура аракеттеги максаттары жоголот… Ал эми мусулмандардын халифалыкка болгон аракеттеги максаттарынын жоголушу болсо, Америка каалап жаткан нерсенин дал өзү.

Экинчиден, адамдардын туйгуларын жылоолошто исламчылардан пайдаланып, өз таасиринин туруктуулугун камсыздоо. Ал эми алар Американын таасирин бекемдөөгө кудуреттүү боло алышпаса, анда Америка алардан жүз үйрүйт, Мурсийге кылганындай кылып башкасын кубаттайт, айрыкча, узак жылдар бою Мисирде пайда кылган малай саясатчылары иш бербей жаткан учурда улам башкасын колдой берет!

Кинана калкы бул ишти жакшылап түшүнүп алуулары керек. Ушуну менен бирге, Америка Мубарак доорунда да, Мурсий доорунда да, азыркы бийлик доорунда да чыныгы таасир ээси экенин, ал бардык балээлердин башы экенин жакшылап билип алуулары керек.

Америка таасирин түп-тамыры менен омкоруп таштап, анын малайларын жоготуп, андан кийин Ислам жана мусулмандардын душмандарын жок кыла турган, израилди талкалап таштай турган, мукаддас жерди Исламга кайтара турган, исламий өлкөлөрдүн борбору болушу үчүн рошид халифалыкты Кинана жерине алып келүүгө мал-жан менен аракет кылуу Аллахка жана Росулуна (с.а.в) ыйман келтирген ар бир мусулманга важиб. Бул иш Аллахка жеңил. [21.07.2013]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here