3-июлда армия тарабынан бийликтин кулатылганына нааразы болгондор ошондон бери Каирдин эки жеринде лагер тигип олтурушкан эле. Бир лагерь Рабаа аль-Адавия мечитинде, экинчиси Нахда аянтында тигилген болчу.
Мисир бийлиги митингчилерди кууп таркатабыз деп коркуткандан кийин, “Мусулман бир туугандар” өздөрүнүн тарапкерлерин бүткүл өлкө боюнча митингдерге чыгууга чакырышты. О.э. алардын жооптуулары: “Биз олтурма митинг өткөрүп жаткан бул жерди эч кимдин камалоого акысы жок. Олтурма митинг жана протесттер мыйзамдуу иш-аракеттер болуп саналат. Эгер камалоо болсо, биздин өлүгүбүз аркылуу гана болот”, – деп сес көрсөтүштү.
Алар дагы “Биздин максат – мыйзам үстөмдүгүн куруу жана шариятты орнотуу” деген ураанды көтөрүп чыгышты.
Алар “мыйзам үстөмдүгү” дегенде, азыркы жарандык мамлекетте колдонулуп жаткан, парламентте адамдар өздөрү чыгарып алган демократиялык мыйзамдарды назарда тутуп жатышат. Бул мыйзамдар куфр мыйзамдары эсептелип, шариятка тескери келет. Анткени, Ислам шарият өкүмдөрүнөн башкасын тан албайт. Демек, бул алардын Исламдан канчалык узактап кеткенинен жана канчалык фитнага түшүп калганынан кабар берип турат.
Бирок, аларды кафирлер, кафирге малай акимдер жана маалымат каражаттары “исламчылар” деп атап алышкан.
Азыр айрым талдоочулар “Египет бир тарабында Мусулман агайындар кыймылы баштаган исламчылар, экинчи тарабында секуляристтер, либералдар, мээлүүн-ортозар мусулмандар жана христиандардан турган кош лагерге бөлүнүп калды” деп жатышат. Негизи, кафирлер “мээлүүн” деп атап койгон ортозар мусулмандардын башында мына ушул “Мусулман бир туугандар” турчу эмес беле…
Митингчилер каршысында Мисир бийлиги “светский” жаштардан бир топ түзүп, аны “революциячыл жаштар күчү” деп атап койду жана аларды “исламчылар”га каршы тукуруп жатты. Алар болсо Мурсийдин тарапкерлерине “Тахрир аянтына биздин өлүгүбүздү аттап гана өтүшүңөр мүмкүн” деп, өздөрүнчө тиш кайрап, бийлик менен күч органдарына таянып алып, эрдемсип турушту.
Бул учурда өлкөнүн тышкы иштер министри Набиль Фахмий “полиция лагерди кууп-таркатуу планына киришсе, анда ага негиз боло турган соттун мыйзамдуу чечими бар” деп билдирүү жасады.
Ал эми ички иштер министри исламчыларда курал бар экендиги тууралуу маалыматтар бар экендигин каңкуулады. Анын мындай билдирүүсү митингчилерге каршы курал колдонуларын жана кан төгүлөрүн алдын ала кыйыткандан башка нерсе эмес эле.
Акыры келип коопсуздук күчтөрү митингчилерди жапырып кирди. “Биринчи болуп митингчилер ок атты” деген шылтоо менен “исламчылар”га ок жаадырышты. Ал эми демонстранттар болсо коопсуздук күчтөрүн көздөй таш атышып, алардын жолуна өрт коюшту.
“Мусулман бир туугандар”дын билдирүүсүнө ылайык, курман болгондордун саны 3 000ге жетип, көп миңдеген адамдар жараат алышты. Мындай тирешүү өлкөнүн башка региондоруна да жайылып кетти.
Кан төгүлгөн кагылыштар коштоосунда бийлик бүткүл өлкө бойлоп бир айга өзгөчө абал жарыялады о.э. баш калаа Каирде жана башка он провинцияда коменданттык саат киргизилди.
Убактылуу президент Адл Мансур армиядан коопсуздукту камсыздоодо жана адамдардын өмүрүн коргоодо полицияга колдоо көргөзүүнү суранды.
Миллиондогон тынч митингчилерге каршы согуш ачкан бул президент кайсы калктын коопсуздугун камсыздамакчы, 3 000 миң мусулмандын канына забын болгон бул президент кимдердин өмүрүн сактамакчы?..
Премъер-министр аль-Баблавий: “Биздин өкмөт демократияга жол салуу үчүн бар күчүн жумшайт. Биз диний же аскерий мамлекетте эмес, жарандык мамлекетте жашагыбыз келет. Бардыгы мыйзамды урматташы керек”, – деди.
Байкалгандай, мурсийчилер деле Баблавий айткан нерселерди айтышкан.
Мындан сырткары, Баблавий “жол картасы”нын бардык пункттарын аткарууга о.э. келерки жылы парламенттик жана президенттик шайлоолор менен аяктай турган бул процессти улантууга убада берди.
Баблавийдин бул дегени “Америка пландарын ишке ашырып берем” деген убадасы.
Ал эми утурумдук вице-президент Мухаммад аль-Барадий кызматтан чегингенин жарыялады.
Маалымат каражаттарына электрондук почта аркылуу жиберген билдирүүсүндө “кан төгүүлөр үчүн жоопкерчиликти ала албаймын” деп, европа малайы Барадий эстүүлүк менен “актай барак” боюнча калууну көздөп жатат.
БУУ башкатчысы Пан Ги Мун Египеттин коопсуздук күчтөрүнүн демонстранттарга каршы күч колдонушун айыптады. БУУ баш катчысынын администрациясы “Египет бийлиги демонстрация үчүн күч колдонуу ыкмасын тандап алганы өкүнүчтүү” деп айтты.
Айыптоо сөзүн ар ким айтып коё берет, ар жагында эмне бар, ал амалдан билинет…
Айыптоо сөздөрү Вашингтондон да айтылды. Ак үй өкүлү Жош Эрнест:
– Кошмо Штаттар Египетте демонстранттарга каршы зомбулук көргөзүлүшүн айыптайт. Биз өлгөндөр менен жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтабыз. Египеттин коопсуздук жана аскер күчтөрүн сабырдуулукка, өкмөтүн жарандардын негизги укуктарын урматтоого, демонстранттарды тынчтыкка утур-утур чакырып келгенбиз, – деди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бул аракетти “Египеттин жарашуу процессине олуттуу сокку болду” деп мүнөздөдү.
Негизи, балээнин башы мына ушул Америкада жатат. Мусулмандардын исламий туйгусун ойнотуп, Мурсийди бийликке алып келген дагы Америка. Андан кийин Мурсийди ыргытып таштап, аскерийлерди алып келген да ушул Америка. Мурунку өкмөттү жойгон да, убактылуу өкмөттү койгон да ушул Америка. Ошондуктан, ал аскерийлер төңкөрүшүн “аскерий хунта” деп тааныбады жана мурунтан берип келе жаткан жардамдарынан жазган жок. Ушундан улам, Египет бийлиги тарабынан ташталып жаткан ар бир кадам Америка ыраазылыгы менен гана болот. Мындан сырткары, капитализм өкүм сүргөн Мисир экономикасынын 30%ы Америка тарабынан аскерий капиталисттердин колуна тапшырылган. Алар бул байлыктарын сактап калыш үчүн бүткүл Кинана калкын кырып жибергенге да даяр.
Мисир бийлигинин соңку чараларын Түркия да сынга алды. Президент Абдулла Гүл:
– Жөн-жай тургундарга, демонстрацияга чыккандарга курал менен кол салуу кабыл алынгыс. Кандай жүйө болбосун мындай аракеттер жамандыкка гана алып барат, – деди.
Түркия өкмөтү мурдарак Египет армиясынын Мурсийди бийликтен кулатышын да кабыл алынгыс деп сындаган эле.
Түркия премьер-министри Режеб Таййиб Эрдаган “зордук-зомбулуктар Египетте кайрадан демократияга кайрылып келүүгө катуу сокку болду” деп белгиледи.
Түркия президенти Гүл, өкмөт башчы Эрдаган – булар Американын “мээлүүн исламчыл бийлик үлгүсү” кылып жасаган биринчи куурчактары. Ал эми Мурсий кийинки куурчактардан болууга ыраазы болгон эле. Түркия бийликтегилеринин бул сөздөрү – куурчак-боордоштуктан башка нерсе эмес…
Европа Союзунун каршы позициясын ЕСтин тышкы иштер жана саясий коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон айым угузду. Мунун катарында, ал вице-президент Мухаммад аль-Барадийдин отставкага кеткенине өкүнөрүн билдирди. Кэтриндин оюнча, анын отставкасы өлкө чыңалуусун жеңилдетпейт.
Эштон муну менен Барадейдин “сүттөн ак” экенин дагы бир жолу дүйнө элине баса көрсөтүп коймокчу болду.
Мурдагы президент Мубарак бийликтен кулатылгандан бери өлкөдө беш ирет шайлоо өтүп, бирок алардын натыйжасы кайра президенттин бийликтен кулатылышына алып барды.
“Ихван”дагы бурадарлардын демократиядан көңүлү суубаганы таң калычтуу.
Эми болсо бийлик жалпы мусулмандарга карата репрессиялар баштап жиберди. “Мусулман бир туугандар” ассоциациясынын 8 лидери күч структуралары тарабынан колго алынды. Бир күндө эле 600дөй адам террористтик уюмга мүчөлүктө айыпталып камакка түштү.
Алардын кимиси кайсы жолдо сыналып жатканы Аллахка маалым. Кимиси демократия жолунда, кимиси Мурсий жолунда, а кимиси Аллах жолунда…