МАЛИДЕ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО

280
0

РАБАТ, 28 июль. Малиде бүгүн президенттик шайлоонун биринчи туру өтүп жатат.

Азыр бул жасалма мамлекетченин президенттиги үчүн 27 талапкер ат салышып жатат. Алардын көпчүлүгу Франция малайлары. Мисалы, 1994-2000-жылдары премьер-министр болгон Ибрахим Бубакар Кейта о.э. 2009-2011-жылдары премьер-министр болгон Модибо Сидибе сыяктуулар.

Белгилүү болгондой, Малиге кирип келе жаткан Америка таасиринин алдын алуу үчүн, 2012-жылы “ислам экстремисттерине каршы согуш” шылтоосу менен Франция Малиге аскер киргизген жана андагы таасирин сактап калган. Муну менен Франция Малини кайра басып алгандай эле болду. О.э. ал чындап эле исламий кыймылдарга каршы согуш алып барууну да унутта калтырган жок.

Шайлоо участкалары БУУнун “тынчтык сактоочу” күчтөрү көзөмөлү астында катуу күзөтүлүп турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here