“Союз учурунда орусташуу саясатынан жапа чеккен кыкеңдер эгемендүүлүк алгандан бери акка моюн сунуп, ата-баба карманган динди күчөтүү менен алектенүүдө” деп жазат «Азия ньюс» гезити 18-июлда чыккан санында.
Бирок Батыш маданияты ээ-жаа бербей күргүштөп, Исламды иритүү үчүн ийин казууда деп белгилейт газета. “Албетте, улуу динди оңой менен чаба коюу мүмкүн эместиги көрүнүп, күн өткөн сайын кармаш күчүнө кирип, намаз окугандардын катары коюуланып келет. Атургай кээ бир саясатчыларыбыз шайлоо маалында беш маал намазга жыгылып, такыба боло калгандарын көрүп жүрөбүз. А иш жүзүндө теңирден тескери кетип, жинди суудан башы чыкпай калганын угуп эле жатабыз – дейт гезит – буларга үлгү катары үлкөн саясатчылардын ичинен Аликбек Жекшенкулов менен Камчыбек Ташиев тазалыкка ык коюп, ооз бекитип, соорго туруп жатышат” деп кошумчаланат гезитте.