“КЭЭ БИР БӨЛҮКТӨРҮ ВАКИЪДЕ ӨЗ КӨРҮНҮШҮН ТАПКАНДЫГЫ ЭТИБАРЫНА ЫЛАЙЫК, ЗОННИЙ ХАДИС МУТАВАТИР ДАРАЖАСЫНА КӨТӨРҮЛҮШҮ МҮМКҮНБҮ?” – ДЕГЕН СУРООНУН ЖООБУ

545
9

Суроо: Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух. “Силердин араӊарда пайгамбарлык Аллах каалаганча болот… Андан соӊ пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот” деген хадиске окшогон бир нече субуту зонний хадистер бар болуп, адамдар арасында иш-аракет алып барып жатканыбызда исламий пикирлерди жаюу үчүн аларды далил кылып келтиребиз жана алар аркылуу Расулуллах с.а.в.дын башаратын кушкабар кылып келтиребиз.
Суроо мындай, бул хадис зонний болуп, Үммөт башынан өткөрүп жаткан саясий абалдар жөнүндө сөз кылат. Хадистин маанисинен Расулуллах с.а.в. абалды беш бөлүккө бөлгөндүгүн көрөбүз. 1-пайгамбарлык, 2-рошид Халифалык, 3-зордукчул падышалык, 4-жабыр көрсөтүүчү падышалык, 5-дагы кайрадан рошид Халифалык. Хадисте баян кылынган беш бөлүктүн төртөө жүзөгө чыккандыгын көрүп жатабыз. Ушуга ылайык, бул хадис – андан бир канча бөлүгү вакиъде ишке ашкандыгы этибарына ылайык – мутаватир даражасына көтөрүлбөйбү?
Жооп:
Хадистин мааниси амал кылуу үчүн жетиштүү. Ал мутаватир болобу же зонний болобу, мунун айырмасы жок. Ырасында хадис сахих болгон соӊ, ал өз ичине алган фарзга ылайык амал кылууга күчтүү көрүнүштө үндөй берет.
Мисалы, Ахмад чыгарган: “Кустантания албетте фатх кылынат. Анын амири кандай гана жакшы амир, анын кошууну кандай гана жакшы кошуун”, – деген хадисти алсак. Бул хадис хабар болушу менен бир катарда амал кылуу маанисине да ээ. Ошондуктан, ар бир мусулман аким бул хадис өзүнүн колу менен ишке ашуусуна катуу умтулган. Тээ Аллах Таала бул фатхты Мухаммад фатихке насип кылганга чейин, Конистантинополго бир нече кошуундар жөнөтүлгөн. Яхуд мамлекети менен согушуу жана аны жер жүзүнөн шыпырып таштоо жөнүндөгү хадис да, пайгамбарлык минхажы негизинде кайтып келе турган Халифалык жөнүндөгү хадис да кудум ушундай. Ырасында хадис сахих болгон соӊ, анын мутаватир болуш же болбошу ишке таасирин тийгизбейт. Биз, Инша Аллах, бул нерсе биздин колубуз менен ишке ашуусу үчүн бар болгон күчүбүз менен аракет кыла беребиз жана аны менен жакшылыкты башарат кыла беребиз. Эртеби-кечпи жүзөгө чыгышына толук ишенебиз. Анын мутаватир же ахад экендигин билүү үчүн тереӊ кетүү менен өзүбүздү кыйнабайбыз.
Ошону менен бирге ал хадистин бир бөлүгү вакиъде өз көрүнүшүн табышы анын калган бөлүгүнүн да ишке ашуусуна ишенимибизди күчөтөт. Мисалы, Конистантинополь фатх кылынгандан кийин Римдин фатх кылынышы сыяктуу. Анткени, Расулуллах с.а.в.дын башка бир хадистеринде бул эки шаардын фатх кылынышы айтылган. Ал эми азыр гана сизге айтып өткөнүбүздөй, хадиске амал кылуу жагынан анын мутаватирлиги жаатында тереӊ изденүүгө муктаждык жок. Анткени, хадистин сахихтиги – мейли зонний болсо да – амал кылуу, тастыктоо, ишеним пайда кылуу жана анын ишке ашуусун кушкабар берүү үчүн жетиштүү. Мусулман адам бул фазилатка жетишүү үчүн рахаттануу менен умтулат.
Ал эми сиздин: “Ырасында анын бир бөлүгү жүзөгө чыккан соӊ, аны мутаватир деп эсептейбизби?” – деген сурооӊузга келсек, мунун жообу мындай, мутаватир хадистин санад (таяна турган негиз) туурасында бир нече шарттары бар. Аны мутаватир деп корор кылуу үчүн хадистин истилах илими ошол шарттарга таянат. Т.а. бул илимде хадистин мутаватирлиги анын жүзөгө чыккан же чыкпагандыгын күзөтүүгө негизделбейт. Анткени, хадистин санады жана мулхакаттарына карай ага мутаватир деп өкүм чыгарылат. Ошондой болсо да хадистин бир бөлүгү вакиъде өз көрүнүшүн табышы анын сахихтик даражасына болгон ишенимди күчөтөт жана анын калган бөлүгүн да жүзөгө чыгаруу үчүн күч-кайрат менен иш-аракет алып барууга үндөйт.
Аллах Азза ва Жалла ийгилик берсин.
Бурадарыңыз Ато ибн Халил Абу Рашта.

9 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here