ИРАКТАГЫ МАЛАЙ АКИМДЕР ИРАК КЕНДЕРИ ТОНОЛУШУНА КЫЗМАТ КЫЛУУДА

369
0

Ирак келерки жылдын акырында мунай казып чыгаруунун көлөмүн күнүнө 4,5 млн баррелге, ал эми 2020-жылы 9 млн баррелге жеткирмекчи. Бул тууралуу Ирак тышкы иштер министри Хушяр Зибарий Вашингтондогу стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборундагы чыгуусунда билдирди.

Анын айтымында, азыркы этапта Ирак экономикасы дүйнө боюнча  эң тез темпте өсөт имиш. Ал америкалык экономисттердин азгырык сөздөрүн далил кылып келтирип: “ушул жылы ирак экономикасынын өсүүсү 8.2% болот” деди.

“Энергетикалык фронтто биздин мунай өндүрүшүбүз 2005-жылдан бери 50%га өстү – деп, андан аркы сөзүн МАГАТЭнин тыянагына таянып – 2030-жылдын акырында Ирак “кара алтын” казып алууну дагы эки эсеге көбөйтө алат. Биз дүйнө боюнча 2-орундагы энергоресурстарды экспорттоочу болуп калабыз жана дүйнөлүк базарга таасир этип жаткан чыңалууну азайтабыз”,- деген Зибарий Америка алдында малайлыгы менен сыймыктанып жатты.

Ал эми Американын Иракты басып алуудагы башкы максаттарынын бири нефтини талап-тоноо экендиги жалпыга маалым.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here