ХУЛАФАИ РОШИДИНДЕРДИН “УКОБ” РОЯСЫН ЖАНА ЛИВАНЫ КОЛДОНГОНДУКТАРЫ ЖӨНҮНДӨГҮ СУРООНУН ЖООБУ

448
0

Васик Бинасриллах.га
Суроо:
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Хулафаи рошидиндер “Укоб” роясын жана ливаны (роя жана Укобдун кыргызча мааниси байрак болот) көтөрүшкөнбү? Бул нерсе асарларда келгенби? Сизди Аллах жалгасын.

Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.
Ооба, эй боордош, Хулафаи рошидиндер “Укоб” роясы менен ливаны колдонушкан. Мунун далилдерине келсек, Пайгамбар С.А.В. тууралуу “ал заттын роясы “Укоб” жана ливасы ак болгон” деген хадистер варид болгон. Мына ошол далилдердин айрымдары:

1 – Насаий “Сунан ал-Кубро” асарында о.э. Термизий Жабирден “Набий С.А.В. Меккеге киргенде ливасы ак болчу” деп риваят чыгарган. Ибн Абий Шайба “Мусаннаф”ында Амрадан: “Расулуллах САВдын ливасы ак болчу” дегенин чыгарган.

2 – Ахмад, Абу Давуд жана Насаий “Сунани ал-Кубро”до Мухаммад ибн ал-Косимдин мавласы Юнус ибн Убайддан риваят кылып чыгарышынча, ал мындай дейт: Мени Мухаммад ибн ал-Косим Расулуллах С.А.В.дын роясы кандай болгонун сурап келүү үчүн Барро ибн Аазибдин алдына жиберди. Ал: “ал төрт бурчтуу, кара намира болчу”, – деди. (намира –жүндөн токулган мата)

3 – Термизий жана Ибн Маажа Ибн Аббастан: “Расулуллах С.А.В.дын роясы кара, ливасы ак болчу”, – дегенин чыгарган.

4 – Ибн Абий Шайба “Мусаннаф”ында Хасандан: “Набий С.А.В.дын роясы кара эле жана “Укоб” деп аталчу”, – дегенин чыгарган.

Ушул нерсе Хулафаи рошидиндердин “роя” менен “лива”да Расулуллах С.А.В.ды ээрчигендиктерине жетиштүү далил болот. Анткени, алар Расул С.А.В. алардын арасында жарыя кылган бир да ишти калтырбастан аткарышат эле. Хулафаи рошидиндер доорундагы роя менен лива жөнүндө ашыкча талкуу кылуунун зарылчылыгы жок. Анткени, мунун эки себеби бар:

Биринчиси: Шаръий өкүм Расул САВдан алынуусу.

Экинчиси: Хулафаи рошидиндердин роя жана лива сыяктуу Расулуллах С.А.В. кылган жана күбө болгон бирер ишти таштап койбошу.

Бурадарыӊыз Ато ибн Халил Абу ар-Рашта

15-ражаб, 1434-х.
25-май, 2013-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here