ХИЖАБГА КАЙРАДАН КЫСЫМ БАШТАЛДЫ

290
0

Францияынын Трапп шаарында башталган баш аламандык коңшу Гийанкур, Монтиньи жана Эланкур шаарларга жетип барды.

Эске салсак, 20 июлда полиция паранжа кийген аялды токтотуп, ага штраф салган. Аны көргөндөр полицияга мыйзамсыз экенин айтса, полиция бир адамды кармап кеткен. Ошол күндөн бери нааразылык акциялары уланып, чогулгандарды таркатуу үчүн жаш агызуучу газ жана башка куралдар колдонулганын жазат France24.

Бийлик болсо, биз коомдук жайдарда беттерин жаап жүрүүгө тыю салганбыз, мисалы,мамлекеттик ишканаларда, парктарда, ресторан-кафелерде жүзүн жаап жүрүү үчүн штраф 150 евро өлчөмүндө дейт. Тыю салуу Францияда жашаган 5 млн ашык мусулмандардын кыжырын келтирип, акциялар уюштурушуна себеп болууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here