ХАМРДЫН (МАС КЫЛУУЧУ ИЧИМДИКТИН) ИЛЛЕТИ ЖАНА АНЫН АРАМДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ FAHMI BARKOUS БЕРГЕН СУРООГО ЖООП

480
0

Суроо: “Нерселер аслинде мубах, эгер алар жөнүндө арам деген далил келбеген болсо”. Мал бул бир нерсе, ал жөнүндө арам деген далил келбеген болсо, ал аслинде өз мубахтыгында кала берет. Мисалы, “баланча мал уурдады” деген сөздү алсак. “Уурдады” феълиндеги өкүм – арамдык, “баланча” – уурулукту аткаруучу адам күнөөкөр болуп, ага жаза зарыл болот. Мал өз аслинде кандай болсо ошондой мубах бойдон кала берет. Уурдалган малдын өкүмү – ал кыймылдуу мүлк же кыймылсыз мүлк болушуна карабастан – аны өз ээсине кайтаруу. Анткени мал, ал жөнүндө хостоо далили варид болбогон соӊ, ага тиешелүү феълге карабастан умуман мубах болуп кала берет. Кимде-ким аны хадя, белек же нафака көрүнүшүндө алса ага эч зыяны жок. “Арам эки кишиге тиешелүү (тааллук) болбойт”, Аллах билүүчү…

“Хамрдын айны харам кылынды”. Хамрдын айны болсо анын асли т.а. хамр хамр болгону үчүн арам кылынды. Т.а. анын арамдыгы анын аслинде. Хамрга тиешелүү болгон өкүмдөр “анын сатуучусу, ичүүчүсү…” Бирок, кыймылдуу мүлк жана кыймылсыз мүлктүн арамдыгы кантип хамрга жана аны сатууга тиешелүү болуп калды?! Хамр жана анын арамдыгы малдын арамдыгынын иллетиби? Эгерде ушундай болсо, анда киясан идиш жана ушуга окшогон нерселер хамрга пайдаланылгандан кийин о.э. хамрды ташып келген жүк машинасы иллеттин өзүндө катышканы үчүн, ал экөөнү теӊ колдонуу таптакыр жайиз болбой калат! Сураныч, ушул нерсеге түшүндүрмө берсеңиз. Сизди Аллах жалгасын.

Жооп:

Ооба, нерселердеги асл нерсе – мубахтык, эгерде арамдык далили келбеген болсо… Эми хамрдын иллети жана анын арамдыгы, анын ташып келе турган жүк машинасы, хамр куюлган идиш жөнүндөгү сурооӊузга келсек маселе төмөнкүдөй:

Абу Давуд Жабир ибн Абдуллахтан чыгарган хадисте Пайгамбар САВ: “Эмненин көбү мас кылса, демек, анын азы да харам”, – деген.

Бул хадистен эч кандай иллеттин жоктугу ачык көрүнүп турат. Анткени, мас кылуу иллет эмес. Далили мындай, эгерде аз гана хамр ичилсе да, ичкен киши мас болбосо да арамдык вакиъ болуп, ага жаза зарыл болот. Анткени, хадисте эгерде көбү мас кыла турган болсо, ошол нерсенин азы да арам кылынып жатат. Демек, андан аз гана ичүү да арам.

О.э. он түрдө иллет варид болбогон. Хаким “Мустадрак”та эки сахихке таянып, Абдуллах ибн Абдуллах ибн Умардан, ал болсо атасынан риваят кылган хадисте чыгарышынча, Расулуллах С.А.В. мындай деген: “Аллах хамрды наалаттады, анын куюп берүүчүсүн да, ичүүчүсүн да, сыгып берүүчүсүн да, буюртмачысын да, ташып келүүчүсүн да, ташып келтирилген кишисин да, сатуучусун да, сатып алуучусун да, анын акчасын жегенди да, ким үчүн алынган болсо ошону да наалаттады”. Хадисте иллет жоктугу ачык көрүнүп турат. Ошондуктан, ага башка нерсе кыяс кылынбайт.

Ушуга ылайык, мас кылуучу ар бир ичимдик арам, арамдыкта анын азы да, көбү да бирдей.

Он түрдүү нерсе эч кандай иллет келтирилбестен арам кылынган. Бирок, бул өкүм мукаллафка татбик кылынат. Демек, жүк машинанын айдоочусуна татбик кылынат, бирок, анын ташып келтирип жаткан жүк машинасына же хамр куюлган идишке татбик кылынбайт. Кыскасы, хамрга тиешелүү болгон өкүм жүк машина же идишке тиешелүү өкүм болбойт. Табароний “Кабир”де чыгарышынча, Аби Саълаба ал-Хушаний айтат, мен Расулуллах С.А.В.дын алдына келип: Я Расулуллах… мен ахли китептер жашаган жерде турамын. Алар өз идиштеринде доӊуз (этин) жешет жана аларда хамр ичишет. Мен да ошолордон жеп-иче берейинби? – деп сурадым. Расулуллох САВ: “… эгерде кафирлердин идишине муктаж болбосоӊ, андан тамак жебе, эгерде муктаж болуп калсаӊ, аны суу менен жакшылап жууп таштап,  андан кийин жегин т.а. эгерде аларга муктаж болуп, башкасын таба албасаӊ, аларды жакшылап жууп ташта”, – деди.

Бурадарыӊыз Ато ибн Халил Абу ар-Рашта

11-ражаб, 1434-х.
21-май, 2013-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here