40 күндөн бери уланып жаткан Болгариядагы нааразылык акциясында, акыры демонстранттар полиция менен кагылышты. Жүздөгөн демонстранттар парламент эшигин тороп, депутаттарды имараттардан чыгарбай койду. Алар “ууру-кескилер”, “отставкага кеткиле” деп кыйкырышып турушту. Ушундан соң полиция аларды кууп таратмакчы болду жана натыйжада кагылышуу келип чыкты.
Евробиримдиктин мүчөсү болгон бул жарды өлкөдө күн сайын миңдеген адамдар борбор калаа Софиянын көчөлөрүнө чыгышууда.
Мындан ары мындай демонстрациялар дүйнөнүн ар бир өлкөсүнө жайылат. Анткени, булар бүткүл дүйнөгө зулум өткөрүп жаткан капитализмге болгон каршылыктар.