Абдул Барр ас-Сакофийге
Суроо: Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух. Бири-бирине жабышып туулган эгиздер жөнүндө сурамакчымын. Аларга Ислам өкүмдөрү кандай колдонулат?
Көӊүл бурганыӊыз үчүн рахмат.
Абдул Барр – Индонезия
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.
Бири-бирине жабышып туулган эгиздер маселесине карата сөз кыла турган болсок, алардын жабышкан абалдары ар түрдүү болушуна карай, өкүмдөрү да ар түрдүү болот.
Кээде эгиздердин эки жанбаштары жабышкан, же аркалары жабышкан, же баштары жабышкан болушу мүмкүн. Кээде болсо алардын эки жанбаш сөөгү, же эки куйругу жабышкан болушу мүмкүн. Кээде алардын кошумча тараптары, же кошумча дене, же маанилүү болбогон ашыкча мүчөлөрү жабышкан болушу мүмкүн ж.б.
Мындай эгиздерге бир адамдын өкүмдөрү колдонулабы же эки адамдын өкүмдөрү колдонулабы, муну анык билүү үчүн жогорудагы ар бир абал өз-өзүнчө үйрөнүлөт.
Ошондуктан, ар бир абал амалий вакиъде болгону сыяктуу эле, өз-өзүнчө үйрөнүлүшү важиб. Бардык абалдарга бир өкүм берилиши жайыз эмес.
Кээ бир илимий изилдөөлөрдөн белгилүү болушунча, Сиам эгиздери деп аталуучу бири-бирине жабышып төрөлө турган мындай эгиздердин жарыкка келиши өтө сейрек кездеше турган абал. Анткени, алар 50 000 же 100 000 баланын бирине туура келиши мүмкүн. Алардын көпчүлүгү төрөлбөй туруп эле же төрөлүшү менен эле каза болот. Бир нече жыл жашап кала тургандары өтө сейрек кездешет.
Бурадарыңыз Ато ибн Халил Абу Рашта