АЯЛ КИШИНИН АЯЛ КИШИГЕ КАРАТА АВРАТЫ

948
0

Суроонун жообу Shadi Suhoqrot.га
Суроо: Ассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатух.
Сураныч, аял кишиге карата аял киши авратынын микдарын шаръий далил менен баяндап берсеңиз. О.э. “аялдын аял кишиге карата авраты киндик менен тизенин ортосу” деп айтуучу адамдарга, “аялзатына карата аял кишинин авраты – өз махрамдарына болгон авраты сыяктуу жасалга-зыйнат тагылуучу орундары” деп айтуучу адамдарга далилдердин тыянак жихаттары баян кылып берилсе.

Жооп: ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.
Аял кишинин аял кишиге карата авратына токтоло турган болсок, бул жаатта эки түрдүү фикхий рай бар, экөөнүн теӊ далил келтирүү жихаты бар:

Биринчиси: Аял кишинин аял кишиге карата авраты эркек кишинин эркек кишиге карата болгон авратына окшойт т.а. киндик менен тизенин ортосу, – деп айтышат айрым фукахалар.

Эккинчиси: Аял кишинин аял кишиге карата авраты – бул анын бүткүл денеси. Болгону, аял киши адатта кооздук жасалгаларын тагып жасана турган жайлар мындан мустасна: баш – анткени ал таажы тагыла турган жай, жүз – сурма коюла турган жай, моюн менен көкүрөк – маржан (мончок) тагыла турган жай, кулак – зирак (сырга) тагыла турган жай, билек – думлуж (чыканактан жогору тагыла турган үзүк) тагыла турган жай, соид (чыканактан колго чейинки жер) – билерик тагыла турган жай, кол – шакек тагыла турган жай, балтыр – халхал (аялдар буттарына тага турган жасалга) тагыла турган жай, кадам (бут) – боёло турган жай.

Булардан башкасы т.а. аял кишинин адатта зыйнаттана турган орундарынан тышкаркысы аял кишиге аврат болуп эсептелет. Т.а. ал киндик менен тизенин ортосу эле эмес…

Буга Аллах Тааланын төмөнкү аяты далил болот:

وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا لِبُعُولَتِهِنَّ أَوْ آبَائِهِنَّ أَوْ آبَاء بُعُولَتِهِنَّ أَوْ أَبْنَائِهِنَّ أَوْ أَبْنَاء بُعُولَتِهِنَّ أَوْ إِخْوَانِهِنَّ أَوْ بَنِي إِخْوَانِهِنَّ أَوْ بَنِي أَخَوَاتِهِنَّ أَوْ نِسَائِهِنَّ أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُنَّ أَوِ التَّابِعِينَ غَيْرِ أُوْلِي الْإِرْبَةِ مِنَ الرِّجَالِ أَوِ الطِّفْلِ الَّذِينَ لَمْ يَظْهَرُوا عَلَى عَوْرَاتِ النِّسَاء

“Алар кооздук жасалгаларын көрсөтүшпөсүн, бирок эрлерине же аталарына, же эрлеринин аталарына, же уулдарына, же эрлеринин уулдарына, же өздөрүнүн ага-инилерине, же ага-инилеринин уулдарына, же эже-сиӊдилеринин уулдарына, же өздөрү (сыяктуу) аялдарга, же кол астындагы күӊдөргө, же (аялдарга) муктаж болбогон (т.а. өтө карып калган, же болбосо акылсыз-дубана) эркек кызматчы-кулдарга, же аялдардын авраттарынан кабарсыз болгон наристелерге (көрсөтүүлөрү жайиз)”. [24:31]

Демек, ушул кишилердин бардыгы махрамы болгон аял кишинин чачына, мойнуна, думлуж тагыла турган жерине, халхал тагыла турган жерине, мончок тагыла турган жерине жана булардан тышкары, кооздук жасалга орду деген нерсеге туура келе турган мүчөлөрүнө кароосу жайиз.

Анткени, Аллах Таала мындай деп жатат:

وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ

“Алар кооздук жасалгаларын (т.а. кооздук жасалгаларынын ордун) көрсөтүшпөсүн”.

Аятта махрам кылынганы сыяктуу эле аялдар да айтылды. Демек, аялдар бири-биринин кооздук жасалга тагыла турган жерлерине кароосу жайиз. Ал эми кооздук жасалга тагыла турган жерлерден башкасы болсо аял кишиге башка аялдын алдында аврат болуп кала берет.

Далилге ылайык, биздин назарыбыздагы рожих (күчтүүрөөк далил) мына ушул. Биз рожихин айтып жатабыз, себеби “аял кишинин башка аял кишиге карата авраты кудум эркек кишинин эркек кишиге карата болгон авраты сыяктуу т.а. киндик менен тизенин ортосу” деп белгилей турган адамдар да бар.

Бурадарыӊыз Ато ибн Халил Абу ар-Рашта

13-ражаб, 1434-х.
23-май, 2013-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here