АМЕРИКАНЫН ИРАКТАГЫ САЯСАТЫ

419
0

Суроонун жообу Samer Abu Omar.га

Суроо: Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух
Иракта жүз берип жаткан окуялар – бул Американын иши болуп, ал өзүнүн бөлүп таштоо планын аягына чыгаруу үчүн кылып жатабы, же болбосо, Европанын Американы алсыратуу үчүн болгон оюнубу, же өз-өзүнөн болгон аракеттерби? Бизге түшүндүрүп берсеӊиз, Аллах сиздерге ажру-азиймдерди атаа этсин.

Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух,
Америка 1991-жылы Ирак түндүгүндөгү “Курдистан аймагына” аба көзөмөлүн орноткондон бери, анын саясаты Ирак бүтүндүгүн талкалап таштоону талап кылууда. Ошол убактан бери Ирак Курдистаны жарым мамлекетке айланган. Америка 2003-жылы Иракты басып алгандан кийин өзү менен бирге танк үстүндө малайларын да алып келди. Ал малайлар тайпачылык жана мазхабчылык менен сугарылышкан эле… Андан соӊ Ирактын америкалык акими Бреммер башкарууда бөлүштүрүү уругун иштеп чыкты. Аймактар… андан кийин болсо анын үстүнө мамлекеттин чачырап кетиши купуя сиӊдирилген дустур (конституция) пайда кылынды. Натыйжада, мамлекеттин президенти курд, парламент төрагасы сунний, премьер-министр шиа болду… Ошентип, Ирактагы абал аймактар атынан бөлүнүүгө даяр болуп калды.

Американын Ирактагы малайлары буларды ишке ашырууну өз моюндарына алышты!

Мындагы Үммөт милдети мындай, ал биримдик фарз экендигин жана бир бүтүн Үммөт экендигин түшүнүүсү керек. Анын бир гана мамлекети жана бир гана акими болушу важиб. Бул Иракта эле эмес, бардык мусулмандар өлкөсүндө болушу керек. Ал мамлекет “Укоб” байрагы, Расулуллах САВдын байрагы, рошид Халифалык байрагы астында турмакчы, биз анын тез арада кайтып келишин Аллах Субханаху ва Таааладан суранып калабыз. Аллах күчтүү жана азиз Зат

Бурадарыӊыз Ато ибн Халил Абу ар-Рашта

21-ражаб, 1434-х.
22-май, 2013-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here