ЖОГОРКУ НАРЫНДАГЫ ГЭСТЕР КАСКАДЫН КУРУЛУШУ 28-МАЙДА БАШТАЛАТ

434
0

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдиргендей, ГЭСтер каскадынын курулушунун техника-экономикалык негиздемеси бекитилип, каржы булактары табылган.

Өкмөт башчы Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча учурда техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана каржылоо булактарын табуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалаган.

Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча былтыр, 20-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен макулдашылган.  Ага ылайык, аталган долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, үлүш болсо теңме-тең бөлүнмөкчү. Келишимдин долбоорун февралда Жогорку Кеңеш, апрель айында Орусиянын Мамдумасы ратификациялаган. Өткөн жумада болсо бул келишимдерге Орусиянын президенти Владимир Путин кол койду.

Кайран гана каскаддар, колонизатор кафирлер кожоюндук кылат деген ушул эмеспи?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here