ӨЗБЕКИСТАН КАЙРАДАН КАРА ТИЗМЕДЕ

240
0

АКШ мамдеп экcперттери төмөнкү мамлекеттерди дин эркиндигин карөзгөйлүк менен бузгандар тизмесине киргизген. Алар : Өзбекистан, Иран, Кытай, КНДР, Мьянма, Сауд Аравия, Судан жана Эритрея. Бул дүйнө өлкөлөрүндөгү 2012-жылкы дин тутум эркиндиги жөнүндөгү отчетто баяндалган. Отчет 20-майда чыккан.

Отчет авторунун докладында мындай делет: «Өзбекистанда бийлик “экстремизм” менен айыптап адамдарды абакка отургузууну, катталган жана катталбаган диний коомдордун диний жана коомдук иш-чараларына карата рейддер жүргүзүүнү, диний адабияттарды конфискациялап жоготууну о.э. жаш балдардын диндик жөрөлгөлөрдү өтөөсүнө тоскоолдук кылууну улантууда. Диний ишенимдери себептүү жаза өтөп жаткан туткундарды бийликтин кыйноого салгандыктары тууралуу көптөгөн билдирүүлөр келип түшкөн».

Америкалык дипломат дин эркиндиги «адам укугу жана эркиндиги негиздеринин бирине кирерин» эскерте кетти.

Туркистон:

Мындай эки жүздүү отчеттор дүйнө элин алдоо жана тынчтандыруу үчүн эле даярдалат. Алар мусулмандарды эзип жаткан залимдердин зулумун эч качан азайтпайт.  О.э. АКШ ар жылы дин эркиндиги бузулгандыгы тууралуу ушундай отчетту даярдайт да, ушул эле учурда мусулман өлкөлөрүнө бастырып кирип, андагы жазыксыз адамдардын жандарын кыйып жатат, ал тургай кырып жатат. Эгер АКШ чындап эле дин эркиндиги үчүн кам көрүп жатат десек, анда эмнеге алардын “кара тизме”сине түшкөн залим режимдер Америкадан саясий, экономикалык жана аскерий жардамдарды алып турат?!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here