28-май куну Жалал Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Учтерек айылынан Хизбут тахрир жамаатынын активдуу 3 жигити кармалды. Аларга атайын айыл окмоту тарабынан уюштурулган райондук жана облустук улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери келишип, уйлорун антарып, ар биринен китептер жана видеолор табылган.
Ошол эле куну ал жигиттерди Токтогул районуна алып кетишип, туштон кийин айылдагы карапайым калкка чогулуш откорушкон. Чогулуштагы тема:Хизбут Тахрир жамаатын туп тамырынан жок кылуу
болгон. Чогулуш болуусу тууралуу 27-майда эле кун мурунтан айыл окмоту ОЗУ жарыя кылган. Чогулуштун журушундо жамаатты ар
кандай жалган жалаалар менен жамандашып, элди ирээнжиткенге аракет жасашкан.
Улуттук Коопсуздук Кызматынын кызматкерлери, айыл окмоту, айылдык кенештин депутаттары жана ошондой эле айыл аксакалдары суйлошуп, бул жамаатты жок кылууга чечим кылышкан. Ошол эле туну кармалган хизбий жигиттердин бироосунун уйуно белгисиз адамдар бастырып кирип, аялын чачынан суйроп, бычак менен колдорун кескилеп, уруп кетишкен. Психикалык жактан озуно толук келе албаган бул аял райондук ооруканага жеткирилген.
Булардын бары атайын пландаштырылган таризде ишке ашкан. Планды
уюштурууга:айыл окмоту, айылдык кенештин бир депутаты, айылдын молдолору жана райондук коопсуздук кызматкерлери катышкан.
Негизи бул окуянын кыскача тарыхына кайрыла турган болсок, акыйкат
дааватчылары хизбий жигиттерге алгачкы ирээт айылдык депутат Урматаев Тагай кол салу учун районго андан кийин облуска чейин кайрылуу жасаган. Бул 2012-жылдын куз айлары эле. Бул ишти кылуудан максаты озунун депутаттыкка талапкерлиги болгон, шайлоо болгонго чейин такваланып мечитке каттап жана ошол жерден хизб
жигиттери менен жакын мамиледе болгон.
Алар менен айт майрамында чоогу майрамдап, «силер азаматсынар» деген гана жылуу создорун айтып турган. Кийин да бир нече ирээт хизб жигиттери менен жолугушууда болгон. Эч кандай каршылык билдирбеген бул адам акыры келип ар бир хизбий жигитти, алардын тизмегин райондук коопсуздук кызматына тапшырып берген. Ошентип бул адам депутаттыкка ээ болуп, максатына жетиши менен бул иш
козголбой калган, бирок ушул жардам беруунун аркасында коопсуздук
кызматкерлер бир нече айлык кузоотуулордон кийин мына минтип
активдуу жигиттерге кол салуусун баштады.
Озу ислам институтун 3 жыл окуп, бугунку исламдын акыбалы тууралуу бир нече маалыматка ээ болгон Урматаев Тагай ушундайча убактылуу дуйно кызыкчылыгынын аркасында бир нече уйбулодогу энелердин ыйына, эн негизгиси Аллахтын динине душмандарча себеп болду. Дагы бир нече уйбуло коркунуч абалында турушат.