ТУНИС – КАГЫЛЫШУУЛАР.

282
0

19-майда Тунистин борбордук бөлүгүндөгү Кайруан шаарында “Ансар аш-Шариа” (Шарият коргоочулары) исламий тобу менен полиция ортосундагы кагылышууда бир киши набыт болгон, жарадар болгондору 15. Бул тууралуу араб маалымат каражаттары кабарлайт. Дал ушул шаарда “Ансар аш-Шариа” конгресс өткөрмөкчү болуп, ага өзүнүн 40 миңге жакын тарапкерлери катышуусу күтүлүп жаткан эле. Андан мурдараак ислам тарапкерлери менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулар Тунис борборунун чет жакасындагы Ат-Тадамунда башталган. Өкмөт тараптан бул конгрессти өткөрүүгө коюлган чектөө себептүү конгресс уюштуруучулары өз жыйындарын Кайруанга көчүрүшкөн эле. Күндүн экинчи жарымында кагылышуу сээлдегенсиди. “Ансар аш-Шариа” конгрессти бир жума кийинкиге, 26-майга жылдырганы тууралуу маалымат таркатты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here