СНОУДЕН АКШ ЧАЛГЫН КЫЗМАТЫНЫН СЫРЫН АЧТЫ

300
0

Эдвард Сноуден АКШнын жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарып жибергенин ырастады.

Ал Washington Post жана британдардын Gardian гезиттери Кошмо Штаттардын коопсуздук кызматтары миллиондогон телефон сүйлөшүүлөрдүн мазмуну менен таанышканга, ошондой эле чоң интернет – компаниялардын серверлерине киргенге мүмкүндүк алганын өткөн аптада жазышкан. 29 жаштагы америкалыктын “Гардиан” гезитине айтышынча, ал азыр Гонконгдо жүрөт.

Washington Post жана Gardian гезиттери Эдвард Сноудендин ысымын анын суранычы боюнча жарыялашты. Сноудендин айтышынча, ал АКШнын Улуттук коопсуздук кызматы – УКК (NSA) төрт жыл иштеген. Аталган эки басылма Сноудендин сөзүнө таянып, УКК Verizon, ошондой эле Google жана Facebook компанияларынын маалымат базасына кире аларын кабарлады. Verizon Communications Кошмо Штаттардагы жана дүйнөдөгү эң чоң телекоммуникациялык компания.

Эдвард Сноудендин түшүндүрүшүнчө, Кошмо Штаттарда коопсуздук кызматтары ар бир жарандын телефон сүйлөшүүсүн жана интернет аркылуу жазган каттарын көзөмөлдөгөндөй жашыруун механизмге ээ. Ал демократиянын принциптерине сыйбаган бул көрүнүш жөнүндө кеңири коомчулук билүүсү керек деп эсептегендиктен, аны ашкере кылганды оң көргөн.

Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясына киргизилген төртүнчү түзөтүү америкалык жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн негизсиз укканга тыюу салат. Бирок бийликке байланыш компанияларынын ээлигиндеги маалыматтарды пайдаланганга уруксат берет.

Жума күнү президент Барак Обама жогорудагы сыяктуу контртеррордук иштерде колдонулчу ыкмаларды коргоду жана америкалыктарга “купуя сыр менен коопсуздукту баланстай билүү керек” деди.

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын Ички коопсуздук комитетинин төрагасы Питер Кинг болсо Эдвард Сноуденди Гонконгдон өлкөгө тез алып келүүгө үндөдү.

Сноуден өзү видеоинтервьюда интернет эркиндиги жогору бааланган Исландиядан саясий башпаанек алам деген үмүтүн айтты. Бирок Исландиянын Бээжиндеги элчиси саясий башпаанекти ким сураса, ал Исландияда болушу керек экенин эскертти. Ошондуктан Сноуден Гонконгдо жүрүп, Исландиядан башпаанек ала албайт.

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here