Украина борбору Киевде бир нече миң ыктыярдуулар «Орус-украин ыктыярдуулар корпусу» сабына жазылып алышты. Бул корпус ислам мужахиддерине каршы согушканы Сирияга жөнөп кетишет. Бул тууралуу ыктыярдуулар корпусун уюштуруучусу украин тыңчы кызмытчысы, ветеран подполковник Сергей Разумовский билдирди.
Анын айтымында, маалымат каражаттарында басылып чыгарылган ыктыярдуулар отрядына кошулуу тууралуу чакырыгы чоң ийгилик менен коштолгон. “Бардык электрондук каражаттарыбыз Корпуска жазылуунуну каалаган ыктыярдуулардын кайрылуулары менен толуп кетти. Негизинен Оруссиядан, Беларуссиядан, жада калса Малдавияданда”, – дейт ал өз сөзүндө. Дагы: “Расмий өкмөт бизге карата эч кандай билдирүү жасаган жок. Украин өкмөтүнө кызыгы жок. Сирияга баруу үчүн жазылып жаткан ыктыярдуулар качандыр бир убакта түрк зулумунан бошоткону Оруссия Империясынын Балгариядагы күрөштө катышканына окшойт. Ошондо Балгарияны түрктөр канга батырып жатканда Оруссиянын бардык тараптарынан ыктыярдуулар келе баштаган. Бул адамдар согушкерлерге бериле турган жемиш үчүн, медалдар үчүн, сыйлыктар үчүн келишкен эмес, православ динин коргоо үчүн аякка турган эле. Орус жана украин тыңчы аскерлери Жакынкы Чыгышта жүз берип жаткан тополоңдордо чечүүчү ролду ойноосу мүмкүн”, – дейт Разумовский.
Албетте, Сириядагы Акыйкат күрөш ошол Украинага да, Оруссияга да жетип барат!!!