КИШИ ӨЛТҮРГҮЧ КАНТИП КУТУЛДУ

АКШнын аскер соту сержант Роберт Бэйлстен 16 ооган тургунун былтыр атып өлтүргөнүн моюнуна алган арызын кабыл алды. Муну менен ал өлүм жазасынан кутулду деп жазат azattyk.org.

Роберт Бэйлс согуш майданындагы төртүнчү жолку кызматы маалында, былтыр 11-мартта Кандагар провинциясынын эки айылынын 16 тургунун атып салган. Өлгөндөрдүн көпчүлүгү аялдар менен жаш балдар болчу.

39 жаштагы ветеран аскер буга чейин Иракта да, Ооганстанда да кызмат өтөгөн. Сот алдында сүйлөгөн сөзүндө ал “жайкын ооган айылдыктарды атып өлтүрүүгө эч кандай деле олуттуу себеп болбогонун” билдирди.

Бэйлсти ушул кызыл кыргын үчүн эле эмес, “алты жолу адам өлтүрүүгө аракет кылган, жети жолу чабуулдарга катышкан” деп да айыпташкан болчу. Мунун баарын ал моюнуна алды.

Жалпысынан 22 адам анын колунан же өлгөн, же жаракат алган. Алардын 17си жаш балдар менен аялдар, болгондо да дээрлик баары – башынан ок жегендер.

Кандагарлык дагы бир тургун: “15-20 адамды өлтүрүү деген бул оюн эмес да. Американын соту аны “акылынан адашкан” деп табышын каалабайбыз. Кантип эле мээсинен айныган киши өзүнүн аскерий базасынан 2-3 чакырым алыска барып туруп анан адам өлтүрсүн? Ал анчалык эле айныганы чын болсо, эмне үчүн өзү менен бирге жүргөн аскерлерди өлтүргөн жок? Ал өлүм жазасын алышы керек”, – дейт.

Роберт Бэйлс сот учурунда адамдарды кантип өлтүргөнүн, ага кантип даярданганын төкпөй-чачпай айтып берди. Эч кимден бул кылмышты жасоого буйрук болбогонун да бышыктады. Ал өзүнүн күчүн көбөйтө турган түрдүү дары-дармектерди ичип жүргөнүн, “алардын натыйжасында өзүн мурдагыдан күчтүү сезип, тез эле ар нерсеге жини келе тургандай деңгээлде агрессивдүү боло баштаганын” кошумчалады.

Ал эми окуя болгон күнү адамдарды өлтүргөнгө чыгардын алдынан башка аскерлер менен бирге отуруп, арак ичкенин да айтты.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago