ЕВРОПА СИРИЯ

386
0

Бириккен Королдуктун тышкы иштер министри Уильям Хейг мындай деди:
“Бириккен Королдук Сирияга курал жеткирип берүү боюнча эч кандай чечим кабыл ала элек”. “Сирия достору” жолугушуусунда мен минтип билдирүү жасадым, биз, экстремисттик түзүлүштөргө кирбеген, калкка каршы зомбулук кылбаган оппозициялык жана революциялык күчтөрдүн Улуттук коалициясына кошумча жардамдарды жөнөтүү керек деп эсептейбиз”.

Бүгүн Франция президенти Франсуа Олланд “радикал исламчылар ээлеген зоналардагы көзөмөлдү Сириядагы мээлүүн оппозиция өз колуна алышы керек“ деген талап менен чыкты.

“Ал жерде эртең хаостон пайдаланып кете турган экстремисттик топтор катышып жатканы анык көрүнүп турат. Ошондуктан, бул оппозициянын жана Сириянын кызыкчылыктарына дал келет”, – деди ал.

Ишембиде Катарда кабыл алынган чечимде: Жеткирилген каражаттар радикалдуу “Жабхат-ун-Нусра” кыймылынын согушкерлери колуна тийишин токтотуу үчүн, бардык жардамдар “Сирия эркин армиясынын” Жогорку аскерий кеңеши аркылуу өтөт, – деп көрсөтүлгөн.

Куфр башчылары айтып жаткан “мээлүүн исламчылар”, “тан алынган оппозиция”, “аскерий кеңеш” деген терминдер о.э. “экстремисттик топтор”, “радикал исламчылар” деген терминдер да кафирлер ойлоп тапкан, бирок, аныктамалары так эмес атамалар. Ал эми алардын кимиси кафирга дос, мусулманга душман экенин аң-сезимдүү калыс мусулмандар өздөрү аныктап алышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here