Президенттин айтканын бүгүн Ливанда “Хизбалла” куралдуу тобу менен байланыштагы телеканал кабарлады. Анын интервьюсун телеканал бүгүн көрсөтөт депжатышат. Анда президент Орусиядан алынган S-300 ракеталарынын калганы “жакын арада келет” деп билдирген. Буга чейин Кремль Сирия өкмөтүнө аталган ракеталарды “өлкө өзүн сырткы күчтөрдүн чабуулунан коргошу үчүн” жиберерин айтып, өз чечимин коргогон болчу.
Москвада бүгүн тышкы иштер министри Сергей Лавров сириялык оппозицияны келерки айга белгиленген тынчтык конференциясына жолтоо болуп жатат деп айыптады.