АКШ ТАЛИБАН МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ ЖҮРГҮЗҮҮ АРАКЕТИНДЕ

350
0

Берлинде иш сапары менен жүргөн Обама бул жөнүндө мындай деди:

– Менимче, президент Карзай өзү да саясий келишүүнүн зарылдыгын моюнга алат. Маселе бул ишти согуш абалында кантип баштоодо турат. Мен бул проблемаларга карабай, жараян улана берет деп күтөм жана үмүттөнөм.

Мунун алдында Ооган президенти АКШ менен америкалык аскерлердин 2014-жылдан кийин да Ооганстанда калышына жол берген коопсуздук келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткону айтылган.

Карзайдын басма сөз катчысы Аймал Файзинин билдиргенине караганда, эки тараптуу коопсуздук келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн токтотулушу “АКШ өкмөтүнүн Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча айтканы жана жасаганы бири-бирине каршы чыгып жатканына” байланыштуу.

Алар кандай “карама-каршылыктар” экенин Карзайдын кеңсеси чечмелеген жок.

АКШ жана Талибан алардын Катарда жаңы ачылган кеңсесинде сүйлөшүү баштоо ниетин жарыялаган.

Бирок Талибан Карзайдын өкмөтү менен жолугуу, атүгүл аны таануу мүмкүнчүлүгүн четке каккан. Талибандын Катарда ачылган кеңсеси расмий түрдө “Ооганстан ислам эмиратынын саясий кеңсеси” деп аталат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here