Мамлекеттик салык кызматынын кабарлоосуна караганда, бул кызмат жыл башынан бери 100дон ашык рейд өткөргөн. Натыйжада баасы 8 миллионго жакын 103 миң бөтөлкөдөн ашык жасалма арак-шарап алынган. Материалдар тиешелүү мекемелерге, күч органдарына чара көрүү үчүн жөнөтүлгөн. Учурда жасалма алкоголь продукцияларын чыгаргандарды аныктап, товарларын алуу иш-чаралары улантылып жатат.
Мамлекет бул аракка Аллах арам кылгандыгы үчүн тыюу салбайт. Арак айынан адамдардын ден-соолуктан айрылгандыгы, үй-бүлөлөрдүн ажырашкандыгы, адамзаттын аң-сезими уулангандыгы ж.б.лар да эске алынбайт. Болгону, монополисттер “самопалисттерди” жоготушу үчүн гана жасалма арактарды жоготууда мамлекет аралашып калат.