1% ЭЛИТА ДҮЙНӨ БАЙЛЫГЫНЫН 39%ЫНА ЭЭЛИК КЫЛАТ

investmentwatchblog.com иликтөөлөргө ылайык жазышынча, учурда 1%ды түзгөн коомдун эң бай бөлүгү дүйнөдөгү бардык байлыктын 39%ына ээлик кылат. Ошол эле учурда, дүйнө калкынын 50%ын түзгөн жакырлар жер жүзү байлыгынын 1%ына гана ээлик кылат. Глобалдуу финансылык система байлыкты эң жогоруда турган элитага багыттоо үчүн түзүлгөн, ошентип байлар менен кембагалдар ортосундагы жарлык үрөй учурган ылдамдыкта кеңейип барууда. Глобалдуу элита экономикалык кризистерге карабастан өз байлыктарын дагы да көбөйтүү менен алек.

Глобалдуу элитанын байлык чогултуу ыкмаларынын негизи «карыз» инструменти болуп эсептелет. Дүйнөдөгү карыздардын көлөмү 190 триллион долларга жетсе, ал эми дүйнөлүк ички дүң продукт 70 триллион долларды гана түзөт. Карыздарга негизделип алган дүйнөлүк финансылык түзүм байлыктарды жана өкмөттөрдү соруп глобалдуу элитаны байытууда. Шек-күмөнсүз, элита тарабынан башкарылып жаткан үлкөн банктар жана корпорациялар баалуу эсептелген ар кандай нерсени басып алышууда, мисалы: табигый ресурстарды, пайдалуу чакан бизнести, кыймылсыз мүлктү, саясатчыларды жана башка ушул сыяктууларды. Акча, бийлик, мүлк жана көзөмөл элитанын колунда чогулуп калууда.

Дүйнөдө кыжырдануу жана көңүл калуу өсүүдө о.э. байлар менен кембагалдар ортосундагы аралык да өсүп бара жатат. Төмөндөгү сандар муну ырастап турат:

– Дүйнө калкынын 1%ын түзгөн эң байлар планетадагы байлыктын 39%ына ээлик кылат.

– Credit Suisse тарабынан алып барылган изилдөөгө ылайык, дүйнө калкынын үчтөн экисин түзгөн жакырлар дүйнөдөгү бардык байлыктын 3,3%ына гана ээлик кылат.

– Экономика жана өнүгүү боюнча дүйнөлүк изилдөө институту жакыр эсептелген дүйнө калкынын жарымы дүйнөдөгү бардык байлыктардын 1%ына гана ээлик кылышын маалымдады.

– Дүйнөдө 1 миллиард адам ачка абалда түн өткөрөт.

– 3 миллиарддан ашуун киши күнүнө 2 доллардан аз акчага жашайт.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

9 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago