ВЕНГРИЯДА ЯХУДИЙЛЕРГЕ КАРШЫ ДЕМОНСТРАЦИЯГА МИҢДЕГЕН АДАМ ЧЫКТЫ

363
0

«Йоббик» венгердик оңчул-радикалдуу партиясы  Будапештте Дүйнөлүк яхудийлик конгерссинин өтүшүнө каршы демонстрация уюштурду

Бийликтин бул акцияны токтотуу аракеттерине карабастан, көчөлөргө партиянын миңдеген тарапкерлери чыкты. Венгер парламентинде саны боюнча үчүнчү орунда турган «Йоббик» партиясынын өкүлдөрү «яхудийлердин Венгрияны сатып алуу аракеттерине» каршы чыгып жатышканын биллдиришти.

Демонстрация уюштуруучуларынын айтымында, «большевизмдин жана сионизмдин курмандыктарына» урмат көрсөтүү белгиленген. Партия лидери Габор Вона «Холокостто тирүү калгандарга берилген компенсацияны андан жакшы жакка сарптоого болмок» деп билдирди. О.э. ал яхудийлерди коммунисттик режим тарабынан жасалган кылмыштар үчүн Венгрия элинен кечирим суроого чакырды. Белгилей кетсек, ошол кездеги коммунисттик режимдин айрым лидерлери Бела Кун жана Матьяш Ракоши яхудий болушкан.

Дүйнөлүк яхудийлик конгресси Будапештте болуп өттү. Адатта бул конгресс Иерусалимде өтчү, бирок уюштуруучулар Борбордук Европадагы эң чоң яхудий жамаатын колдоо катары о.э. яхудийлерди жек көрүү абалы өсүп бара жатканына каршы быйыл Венгрияда өткөрмөк болушту.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here