СИРИЯ ЖАНА ЕВРОПА МУЖАХИДДЕРИ

349
0

Интернетте Ю-тюбда чыккан тасмада көтөрүлүшчүлөрдүн тобу зуулдап учкан октордон коргонуп, сары гүлдөр жайнаган дөңсөөнүн үстүндө сойлоп баратканын көрсө болот. Серепчилер бул видео Сирияда тартылган болуш керек дейт. Бирок, тасмада европалыктардын үнү угулууда.

“Аларды көзүң менен көргөндө гана аткын” деп, бирөөсү Бельгияда сүйлөнгөн тилде көрсөтмө берүүдө.

Дагы бир тасмада болсо мужахиддердин бир тобу катарга туруп, намаз окуганы жатышат. Алардын бири – бельгиялык 19 жаштагы Брайэн Де Мулдер деген жигитке окшоду.

Кабарчы Брайэндин Ингрид деген таяжесинин үйүнө барды. Ал тасмадагы адам Брайэн экенин тааныды:

– Бул Брайэн. Мен буга 100 пайыз ишенип турам. Брайэн спорт менен алектенген атлет болчу. Анын жүрөгү алтын эле. Баарына жардам берчү. Ингрид айымдын айтуусу боюнча, Брайэн эки жыл мурун Ислам динин кабыл алыптыр.

– Намаз эле окуй бергиси келчү. Анын сүйлөгөнү да өзгөрүп, “мен өлүмдөн коркпойм, себеби мен Алланын бейишине чыгам” деп сүйлөп калган, – дейт Брайэндин тайэжеси Ингрид.

Брайэнге окшогон дагы жүздөгөн адамдардын Сирияга кетип жатканы тууралуу маалыматтар айтылууда. Ал эми мындай көрүнүш Европа биримдигин тынчсыздандырууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here