LA STAMPA: АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮ ИЗРАИЛДИН СИРИЯДАГЫ СОККУЛАРЫНА АБАЙЛАП ЖАНДАШУУДА

335
0

«Вашингтон Израиль менен араб-суннийлер ортосунда союз түзүүгө аракет кылууда» деп жазат La Stampa гезитинин кабарчысы Маурицио Молинари.

Бул басылманын жазышынча «Араб өлкөлөрү Израилдин Сириядагы соккуларына абайлап жандашуусунун артында Иерусалим, Анкара, Эр-Рияд, Амман жана Абу-Даби ортосундагы аскерий кызматташтыктын жаралып жатканы турат. Бул жөнүндө британия булактары Вашингтондун тастыктоосуна ылайык, ыктымалдагы Иран чабуулдарынан коргонууга каратылган ракета жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү келишим бар экенин маалымдайт. Бул булактын белгилешинче, Сауд Арабстан менен Бириккен Араб Эмирликтери аба мейкиндигинде Израиль аба күчтөрүнүн коргоосунун акысына Израилге Булуңду жана Иран территориясын камтыган өз радарларынан пайдаланууга уруксат берген».

Молинари минтип баса белгилейт: «Жалгыз Түркия гана бул келишимди четке какты.  Ал эми, жогоруда көрсөтүлгөн башка араб өлкөлөрү ушул келишимди четке какпай жатканы – бул келишим (4+1 – төрт мусулман мамлекети + Израиль) ырасында эле түзүлгөн деген ойду жаратат».

Кафирлер Жакынкы Чыгыштагы мусулмандар башын бириктирбеш үчүн мына ушул (Израиль) деген мамлекетти жасалма түрдө пайда кылган. Мына ошондуктан мусулмандардын малай акимдери бир карасаң ага дос, кайра карасаң ага душмандай болуп көрүнүшөт. Негизи, (Израилге) душман болду дегидей, ушул күнгө чейин алардын бирөөсү да (Израилге) эч кандай зыян жеткире элек. Тескерисинче, качан карасаң бири-бирине душман. Мына бүгүнкү араб өлкөлөрү, Түркия, Иран мамилелери да ушуну анык көрсөтүп турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here