КАРИМОВДУК “БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ”

421
0

Наманган облусунун хокиминин орун басары Уктам Эргашев жыйналыш өткөрүп жатып, облусттук активдин көзүнчө сегиз фермерди сабаган. Булардын ичинен Мухиддин Саидов деген фермер көп таяк жеп, аны чиновник бассейнге түртүп түшүргөн. Ал суудан чыкканда хокимдин орунбасары башына таяк менен ургулаган. Натыйжада анын башы жарылып, канжалаган.

Арадан бир жума өтүп, облус жетекчиси Баходир Юсупов элдин көзүнчө шаардык газ чарба кызматынын жетекчисин сабаган.
Окуя элдин коммуналдык кызматтар үчүн карызына арналган жыйналышта болгон. Шаардык газ чарба кызматынын начальниги хокимдин газ үчүн 12 млрд. сум карыз кайдан келип чыккандыгы тууралуу суроосуна жооп бере албагандыгы үчүн башына токмок жеген.

Өзбекстанда жетекчилердин кол астындагыларды сабашы кеңири жайылган көрүнүш экендиги эч кимге сыр эмес. Ар кимди аким башка чабат, акимдерди Абдуганиевич май куйрукка тебет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here