АКШ күчтөрүнүн Ооганстандан чыгып кетүүсү 2014-жылга белгиленген. Андан кийинки Борбордук Азиядагы абалдын изден чыгып кетүүсү жаатында И. Каримов эң көп тынчсызданат. Жакында Москвага иш сапары менен барган өзбек президенти бардык этибарын коосуздукка каратты.
“Биз Ооганстандан кошуундар чыгарылгандан кийин терроризм, экстремизм жана наркотрафик күчөп кетүүсүнөн кабатырдабыз ”, – деди ал.
Россия президенти Путин менен учурашуусунда, эгер Борбордук Азияда туруксуздук жүзөгө келгидей болсо, Каримов Кремль күчтөрүнүн жардамынан үмүткөр экенин ачык эле билдирди.
Бирок Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин айтуусу боюнча, 2014-жылдан кийин абалдын туруксуздануусунан кабатырлануу орунсуз. Анын пикиринде, мындай кабатырлануу региондогу өзгөрүүлөрдү түшүнүп жетпегендик менен барабар.
АКШ Мамкатчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейктин айтуусу боюнча, АКШ күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткени менен Борбордук Азия менен мамилени үзбөйт.
turkiston:
Америка буга чейин канчалаган малайларын түкүрүп таштаган. Азыр Башар Асадды ушундай көргүлүк күтүп турат. Кийинки келме-кезек Каримовго келип калышы мүмкүн. Ошондуктан ал мусулмандар колунан кор болуп калышынан коркуп жатат. Ошондуктан, кечээ эле орустарга кыр көрсөтүп жаткан бул яхуд, эми кайрадан океңдин колтугуна кирип жатат. Америка болсо анын малайлыгынан дагы деле үмүтүн үзбөйт. Анткени, бул биринчи жолу кылынган саткындык эмес.