Көп тармактарда тил табыша албаган АКШ менен Орусия Сирия маселесинде тил бириктире алышты. АКШ мамкатчысы Жон Керри Орусияга сапар алып, адегенде президент Путин, андан кийин тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Орус тышкы иштер министри сүйлөшүүлөрдүн соңунан жасаган жарыясында мындай деди:
– Биз төмөнкүлөрдү макулдаштык. Орусия менен Кошмо Штаттар Сириянын өкмөтүнө, оппозициячыл топторуна да алар саясий чечим табышы үчүн дем берет. Биз ошондой эле мүмкүн болушунча тезирээк, балким ушул айдын аягында Сирия боюнча эл аралык конференция чакырууну макулдаштык – дейт.
Бул конференцияда өткөн жылы Женевадагы конференцияда кабыл алынган коммюникенин шарттарын ишке ашыруу талкууланмакчы. Женевадагы кабыл алынган коммюникеге ылайык, Сирия өкмөтү жана куралдуу оппозиция урушту токтотуу боюнча утурумдук келишим түзүшү керек. Андан соң убактылуу өкмөт түзүлүп, жаңы президентти шайлоо каралган.
Сирияда өз малайларын чыгаруу үчүн көптөн бери аракет кылып келе жаткан бул кафир колонизаторлор өз максаттарына жетпей жаткандарына кабатырланышып, тил бириктирүүгө өтүштү. Аларды ташбишке салган нерсе – мусулмандардын биригип кетүүсү. Кафирге малай Башар Асадды болсо Каддафи тагдыры күтүүдө. Жон Керри:
– Мага инсан катары Сирия келечекте азыр силер көрүп-билип жаткандарды жасаган киши тарабынан башкарыларын түшүнүү мүмкүн эмес. Бирок муну бүгүн же акыр-аягында мен чечпейм.
Мындан Башар Асаддын малайлыкка жарабай калгандыгын түшүнүүгө болот. Учурдагы бийликти эл колдобосун АКШда, Оруссия да жакшы түшүнөт.