Ангела Меркел жакында афган жергесинде Германиянын атайын маанидеги курамынын аскери набыт болгону өз өлкөсүндөгүлөрдү сестенткенин айтты.
Бул соңку эки жылда афган жергесинде набыт болгон биринчи немис аскер эле. Меркел Кундуздагы аскерий базада сүйлөгөн сөзүндө, бул окуя Афганистанда кырдаал дагы деле кооптуу экендигин көрсөтөрүн айтты. Эл аралык коалициялык күчтөрдүн Афганистандын улуттук армиясын коопсуздукту толугу менен өз моюнуна алууга көмөктөшүүсү мезгил талабына жооп бергендигине дагы токтолду.